Жаңылыктар

ААК «Керемет Банк» акционерлеринин жалпы чогулушу болду

27 бирдин айы 2020

2020 жылдын 26 февралда ААК «Керемет Банк» акционерлеринин жалпы чогулушу болду, анын жыйынтыгында банктын уставдык капиталын 1,5 млрд сомго көбөйтүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Акциялардын жетинчи эмиссиясы аяктагандан кийин ААК «Керемет Банктын» уставдык капиталы 6,0 млрд сомдун тегерегин түзөт.

Капиталдаштыруу «Керемет Банкка» экономиканын өнүгүүсүнө багытталган ишмердүүлүктү улантууг, чакан жана орто бизнести кредиттөө аркылуу банктык жана финансылык кызматтарды калкка жеткиликтүү кылууга, ошондой эле өлкөнүн бардык региондорунда ипотекалык кредитке болгон сурамды канаттандырууну кеңейтет.

2020 жылы ААК «Керемет Банк», «Социалдык ипотека» өнүмүнүн алкагында   1,2 млрд сом тегерегинде ипотекалык кредиттерди берүүнү улантуу менен, КР бюджет чөйрөсүндөгү жумушчулардын жеткиликтүү пайыздык өлчөмдөр боюнча менчик турак жай сатып алууларын колдоону пландаштырып жатат. 

Маалымат катары: 2019 жылдын 30 майдан 31 декабрга чейин «Керемет Банк» тарабынан жалпы суммасы 1 054,2 млн сомдук 723 кредит берилген. 2019 жылдын ноябрь айынан баштап мына ушул кредиттик өнүм боюнча финансы ресурстары, Кыргызстандын бардык региондорунда иштеген, бюджеттик мекемелердин кызматчыларына бөлүнөт.

 



close