Жаңылыктар

Жеңүүчүлөрүбүз менен сыймыктанабыз... Марафончулар-кереметчилер, ушундан жазбагыла!

2 жалган куран 2020

Кечээ «Керемет Банктын» беш кызматкери, беш кайраткер-ыктыярчылар – Советова Мунира, Бакытбек кызы Бермет, Айдарканова Гульсийна, Дегенбаев Сапарбек жана Пыхтеев Леонид – 2020-жылдын чуркоо сезонун ачкан биринчи иш-чарада, «Таштар-Ата падышасында», Таштар-Ата чокусун багынтышты.

Банкта кесипкөй машыктыруучу-марафончу Леонид Пыхтеевдин жетекчилиги астында өткөн жылдан бери ышкыбоз-жөө күлүктөрдүн бүтүндөй бир банктык командасы машыгып жатат. Болгону бир нече ай машыгуу жүрдү – анан эмитен эле биринчи жеңүүчүлөрүбүз бар! 

  • Биздин кесиптештерибиз – Советова Мунираны жана Пыхтеев Леонидди куттуктайбыз, алар өздөрүнүн жаш курактык категорияларында байгелүү орундарды ээлешти.

Алдыда өлкөнүн масштабдуу чуркоо окуясы – «JAZ DEMI-2020» Бишкек эл аралык жарым марафону турат, 5-апрелде чуркоого «Керемет Банктан» эми бүтүндөй бир команда катышат!

Ушундай максатка умтулган жана эрктүү кызматкерлери менен «Керемет Банкты» сөзсүз жаңы жеңиштер күтүп жатат!

 


close