Жаңылыктар

«Керемет Банк» сүйкүмдүү айымдарды 8-Марты менен куттуктайт!

6 жалган куран 2020

Аялдардын жазгы майрамынын босогосунда «Керемет Банк» өзүнүн кардарлары болгон айымдарды позитивге, жылмаюуларга жана жакшы маанайга бөлөдү. Бүгүн Бишекетеги филиалга келген бардык айымдар жагымдуу белек алышты.

Ар бир белекке «Керемет Банктын» командасы өз жан дүйнөсүнүн бир бөлүгүн кошту да, жооп катары жаркын жана чын дилден эмоцияларды алды, ал эми эмоциялык депозиттин, белгилүү болгондой, пайызы дайыма жогору.

Банктын жамааты адамзаттын татынакай жартысына жыргалчылыкты, жан дүйнөнүн бейпилдигин, жаркын окуяларды, кызыктуу жолугушууларды, ошондой эле чың ден соолукту, сүйүүнү, бакытты, бардык башталмаларда ийгиликтерди жана жылдын каалаган мезгилинде күндөй жаркыган маанайды каалайт!


 


close