Жаңылыктар

«Керемет Банкта» супер-акция: 999 сомдон баштап банктык кепилдиктер

5 тогуздун айы 2020

«Керемет Банк» ААК банктык кепилдиктерге тарифтерди төмөндөтүү боюнча акцияны жарыялайт. Ишкерлер жана компаниялардын жетекчилери банктык кепилдиктердин ар кыл түрлөрүн өзгөчө пайдалуу шарттарда – 999 сомдон баштап тариздей алышат. Бул акция мурда ачылган документтик лимиттерге да таралганы ыӊгайлуу.

Бүгүн банктык кепилдиктер – бул заманбап бизнестин ажырагыс бөлүгү, майнаптуу жана экономикалык жактан пайдалуу альтернатива, аны коюлган күрөө алдында акча каражаттарын тоӊдуруусуз колдонууга болот. Ишинде банктык кепилдиктерди колдонушуп, бизнесмендер атаандаштарынын алдында артыкчылыктарга ээ болушат.

«Керемет Банк» ААК алардын арналыштарын, мөөнөттөрүн жана кардарлардын башка керектөөлөрүн эске алуу менен банктык кепилдиктердин кеӊири спектрин берет. Эсептешүү эсептерин кармоочулар жана аманатчылар банктык кепилдикти бир нече сааттын ичинде алышат. Банктын кардарлары жыл ичинде түрдүү банктык кепилдиктерди ача жана жаба алышат, бул убакытты үнөмдөйт.

  • Акциянын иштөө мөөнөтү – 2020-жылдын 31-декабрына чейин.

Акциянын катышуучусу болуӊуз жана «Керемет Банктан» төмөндөтүлгөн тарифтер боюнча банктык кепилдиктерди алыӊыз. Банктык кепилдиктерди берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө маалыматты «Керемет Банктын» сатуу чекиттеринен же күнү-түнү иштөөчү байланыш-борборунан төмөнкү телефон боюнча алууга болот: +996 (312) 55 44 44.

Маалымат үчүн

Банктык кепилдик – ал үчүн банк кепил болууга даяр жана анын шарттарын аткарбаган учурда келишим боюнча акча милдеттенмелерин аткарууну кепилдеген компаниянын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн тастыктоочу документ.

Банктык кепилдиктердин артыкчылыктары:

  • келишимдердеги милдеттенмелерди аткарбоо жана начар аткаруу боюнча тобокелдерди минималдаштыруу;
  • минималдуу тобокел жана сарптоолор менен жаӊы сатып өткөрүү базарларына чыгуу мүмкүнчүлүгү;
  • коммерциялык насыялар боюнча пайыздык коюмдарга салыштырмалуу кызмат көрсөтүүнүн төмөн наркы;
  • келишимди карасанатай аткарган учурда чыгаша тартуу тобокелисиз авансалык төлөмдөр менен иштөө мүмкүнчүлүгү;
  • милдеттенмелерди кепилденген аткаруу кыйла пайдалуу баа шарттары жөнүндө келишүү ыктымалдыгын жогорулатат;
  • төлөө мөөнөттөрү кирип келгенде жүгүртүү каражаттарын бошотуусуз банктык кепилдиктер алдында насыя сызыгын ачуу мүмкүнчүлүгү;
  • кепилдик – милдеттүү талап болгон мамлекеттик тендерлерге жана сатып алууларга катышуу мүмкүнчүлүгү.


close