Жаңылыктар

«Керемет Банк» аймактарга коронавируска каршы күрөшүүгө колдоо көрсөтөт

8 чын куран 2020

«Керемет Банк» социалдык жоопкерчиликтүү банк болгондуктан, пандемия учурунда Кыргызстанда коронавирустук инфекциянын жайылуусу менен күрөшүүгө колдон келген салымын кошуп жатат. Банк иштеп жаткан аймактарда кызматчылар медициналык мекемелерге жана муктаж болгон башка топторго максаттуу жардам көрсөтүү үчүн көйгөйлүү чекиттерди аныкташууда.

Жакынкы күндөрдө «Керемет Банктын» Каракол шаарындагы филиалы Ак-Суу аймактык ооруканасына обсервациянын имаратын даярдоого жана медициналык жардам көрсөтүү үчүн зарыл инвентарды сатып алууга жардам көрсөттү.

Ак-Суу аймактык ооруканасынын жетекчилиги башында турган медперсонал «Керемет Банкка» COVID-19 вирусунун жайылуусуна каршы күрөштө өз убагында колдоо көрсөткөнү үчүн зор ыраазычылык билдирди.

Банкта азыр кыргызстандыктардын өмүрүнүн жана саламаттыгынын урматына мүмкүн болгон күч-аракеттердин баарын бириктирүү канчалык маанилүү экенин түшүнүшөт, ушуга байланыштуу банктын кызматчылары ыктыярдуу акчалай жардамдарды да чогулта башташты, алар жакынкы мезгилде республикадагы коронавирустук инфекциянын жайылуусу жана анын кесепеттери менен күрөшкө даректүү жумшалат.


close