Жаңылыктар

«Керемет Банк» муктаж болгондорго жардам көрсөтүүнү улантат

15 чын куран 2020

Бүгүн бүткүл Кыргызстан республикада коронавирустук инфекциянын жайылуусу менен күрөшүү үчүн бирикти. «Керемет Банк», кеӊири филиалдык тармакка ээ болуп, өз банктык ишмердүүлүгүн жүргүзгөн шаарларда пандемияга байланыштуу пайда болгон көйгөйлөрдү чечип, колдон келген салымын кошуп жатат.

 Алсак, өткөн жумада банктын аркасы менен Ысык-Көл облусунун Ак-Суу аймактык ооруканасында обсервация үчүн имарат даярдалды жана медициналык жардам көрсөтүү үчүн зарыл инвентарь сатылып алынды. Бул жумада Жайыл районунун Кара-Балта шаарынын Бириктирилген аймактык ооруканасында банктын каражаттарына эпидемиянын шарттарында инфекциялык бөлүмдүн медициналык персоналын изоляциялоо үчүн өтө зарыл атайын коридорду орнотуу боюнча курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлдү.

Баткен жана Жалал-Абад облустарында банктын кызматкерлери социалдык коргоонун аймактык фонддору менен чогуу түзүлгөн жагдайлардан улам кыйын абалда калышкан өзгөчө муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн тизмесин түзүштү да, алар үчүн абдан зарыл азыктарды сатып алууну жана жеткирүүнү уюштурушту.

Бүгүн бардыгы биздин өлкөдөгү коронавирустук инфекциянын кесепеттерин чогуу жоюу үчүн бизнес-коомчулуктун жана мамлекеттик түзүмдөрдүн ынтымактуу иштөөсүнүн маанилүүлүгүн аӊдашат. Эч ким кайдыгер кала албайт, ошондуктан банктын кызматкерлери азыркы мезгилде каражат чогултууну улантып жатышат, аларды да муктаж болгондорго даректүү жөнөтүшөт.


close