Жаңылыктар

«Керемет Банктын» кызматкерлери эӊ бир коргоосуз калгандарга кам көрүштү

30 чын куран 2020

Өлкөдө коронавирустук инфекциянын жайылуусунан улам адамдар гана эмес, «биздин кичинекей туугандарыбыз» – эми эч качан эркиндиктеги жашоого ыӊгайлаша алышпаган жапайы жаныбарлар менен канаттуулар да татаал кырдаалда калышты. Ушуга байланыштуу, «Керемет Банкта» кызматкерлер тарабынан чогултулган каражаттардын бир бөлүгүн «Бугу-Эне» Коомдук фондуна берүүнү чечишти, ал 150дөн ашуун куткарылган жаныбарлар менен канаттууларды, анын ичинде браконьерлердин айынан көзү көрбөй калган илбирстин баласы Жаабарсты карап багат.

Пандемия жарыяланганга чейин «Бугу-Эненин» кызматкерлери Каракол шаарында өздөрү шефке алган зоопаркты жана реабилитациялык борборду чыпталарды сатуудан жана кайрымдуулуктан түшкөн каражаттардын эсебинен кармап келишкен, бирок COVID-19 вирусунан улам форс-мажордук кырдаалга байланыштуу Фонд өзүнүн багуусундагылардын аман калуусу үчүн кайдыгер карабагандардын баарынан жалпы жардам суроого аргасыз болгон.

«Керемет Банк-Каракол» филиалынын командасы «Бугу-Эне» КФнун жетекчилиги менен байланышып жана алардын карамагындагыларга эмне зарыл экенин билип, 450 кг ашуун азык-түлүк корлорун: этти жана эт субөнүмдөрүн, сабизди, капустаны, алманы, ашкабакты, кызылчаны жана ар кыл көк-сактарды сатып алды.

 «Керемет Банк» ААКнун Каракол филиалынын директору Чинаргүл Аблаевага жаныбарларды тамактандырууга жол беришти: жаныбарлардын падышасы – арстанга, чынында, жолотушкан жок, бирок чөп жеген жаныбарлар менен таанышууну колдошту. «Биздин банк иш жүзүндө бардык аймактардагы муктаж болгондордун ар кыл категорияларын колдогонуна мен абдан кубанычтуумун: аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү да, медициналык мекемелерди да, балдар үйлөрүн да, керек болсо коргоосуз калган жаныбарларды да, алар кырдаалдын барымтасында калышкан жана бизден, адамдардан көз каранды болуп калышканы үчүн такыр күнөөлүү эмес», - деп Чинаргүл Аблаева өз таасирлери менен бөлүштү.

«Бугу-Эне» КФнун президенти Салтанат Сеитова «Керемет Банктын» кызматкерлерине колдоосу үчүн алкыш айтты жана пандемия бүткөндөн кийин бардык каалоочуларды Каракол шаарындагы зоопаркка жана аталышы бирдей реабилитациялык борборго келүүгө чакырды.


close