Жаңылыктар

Кымбаттуу кыргызстандыктар, май майрамдарыӊыздар менен!

1 бугу 2020

1-Май улуу муундагы адамдарда эмгектеги жетишкендиктер менен, жаштарда – жазгы жылуулук жана келечекке мерчемдер менен ассоциациялашат. 5-Майда – Кыргыз Республикасынын Конституциясынын Күнүндө – баары биздин коомдун негизги баалуулуктарына: элдин биримдигине, руханий ынтымакка, саясий туруктуулукка, коопсуздукка жана татыктуу жашоо деӊгээлине урмат билдиришет.

Мезгилдин жүрүшү тарыхый даталарды жаӊы маанилерге жана аталыштарга каныктырат, бирок майрамдар дайыма адамдарга жакшыга үмүт беришет, адамдарды тынчтыкка, ынтымакка жана өз ара түшүнүшүүгө умтулууда бириктиришет. "Керемет Банк" ААК кыргызстандыктарды май майрам күндөрү менен куттуктайт жана баарына ден соолук, жыргалчылык, жумушта жана жашоодо жаӊы келечектерди каалайт! 


close