Жаңылыктар

«Керемет Банк» техникалык жумуштарды жүргүзөт

18 бугу 2020

Урматтуу кардарлар! «Керемет Банк» ААК 2020-жылдын 18-майынан баштап саат 20:00дөн 23:00гө чейин жабдууларды модернизациялоо боюнча мерчемделген техникалык жумуштар жүргүзүлө турганын маалымдайт. Ушуга байланыштуу, «Керемет Банк» ААКнун перифериялык түзүлүштөрү – банкоматтары, POS-терминалдары жана төлөм терминалдары – убактылуу жеткиликсиз болот.

Кардарлардан бул маалыматка түшүнүү менен мамиле кылууну жана терминалдык жабдууда мерчемделген операцияларды күн мурун жасап алууну өтүнөбүз. Суроолор пайда болгон учурда «Керемет Банктын» күнү-түнү иштөөчү байланыш-борборуна (0312) 55 44 44 телефону же сайттагы кайтарым байланыш калыбы аркылуу кайрылууга болот.


close