Жаңылыктар

«Керемет Банк» Бишкекте жана Чүй облусунда «Социалдык ипотека» өнүмү боюнча насыяларды берүүнү кайра жаңылайт

26 бугу 2020

Биз «Керемет Банк» 26-майдан баштап бүткүл өлкө боюнча, анын ичинде Бишкек шаарында жана Чүй облусунда бюджеттик чөйрөнүн кызматчыларына турак-жайлык насыя берүүнү кайра жаңылай турганын кубануу менен билдиребиз. Каражаттар чектелүү болгондуктан, аймактарды колдоо максатында каражаттар облустар жана ири шаарлар боюнча бөлүштүрүлгөн. Баштапкы төгүмдүн суммасына жараша «Социалдык ипотека» боюнча пайыздык коюм сом менен жылдык 7,5%дан 9,5%га чейинди түзөт. Насыялоо мөөнөтү – 15 жылга чейин.

Социалдык ипотеканы банктын каалаган филиалдарынын биринен тариздөөгө болот. Бюджеттик чөйрөнүн кызматчылары үчүн турак-жайлык насыянын шарттары жана берүү тартиби жөнүндө маалыматты жер-жерлердеги тейлөө кеңселеринин кызматчыларынан жана күнү-түнү иштөөчү байланыш-борборунан (0312) 55 44 44 телефону же WhatsApp аркылуу – (0557) 55 44 44 телефону боюнча алууга болот.



close