Жаңылыктар

"Керемет Банк" «Золотая корона» тутуму боюнча 0% комиссия менен Европадан онлайн-которууларды кабыл алат

2 кулжа 2020

«Керемет Банктын» акча которууларын үзгүлтүксүз алып турган кардарлары үчүн «Золотая корона» тутуму боюнча Европа өлкөлөрүнөн теңдеши жок 0% комиссиясы бар онлайн-которуулар жаңы багыты ачылып жатат. Акысыз онлайн-которуулар Евробиримдиктин бардык мамлекеттеринен, ошондой эле Улуу Британиядан, Исландиядан, Норвегиядан жана Лихтенштейнден жөнөтүүчүлөр үчүн жеткиликтүү.

Европадан комиссиясыз акча которуу жөнөтүү үчүн, төмөнкүлөр зарыл:

  • европалык номери бар смартфонго App Store же Google Playден KoronaPay тиркемесин орнотуу;
  • тизмеден алуучунун өлкөсүн тандоо;
  • акча которуунун суммасын, алуучунун жана жөнөтүүчүнүн ФАА киргизүү;
  • андан которуу үчүн акчалар чыгарылуучу банктык картанын маалыматтарын көрсөтүү;
  • алуучуга акча которуунун кайталангыс номерин билдирүү, ал төлөм тастыкталгандан кийин көрүнөт.

KoronaPay тиркемеси аркылуу акчаларды европалык банктар чыгарышкан VISA, Mastercard жана Maestro дебеттик же кредиттик карталарынан жөнөтүүгө болот.

KoronaPay Европадан КМШ өлкөлөрүнө акча которуулар үчүн комиссия албайт.

Жөнөтүлгөн акча которууну «Керемет Банктын» тейлөө пункттарынан алууга же үйдөн чыкпай туруп банктык картага түшүрүүгө болот. Карта – ыңгайлуу топтоочу жана төлөөчү шайман: анын жардамы менен топтоолорду жасоого, саякаттарга жолдомо алууга, Интернеттеги эсептешүүлөр үчүн колдонууга, «Керемет Банктын» уюлдук же интернет-банкинги аркылуу акы төлөөгө жана каалаган ыңгайлуу учурда накталай акча алууга болот.

Ушул кызмат көрсөтүү жана башка банктык өнүмдөр боюнча суроолорду «Керемет Банктын» күнү-түнү иштөөчү байланыш-борборуна (0312) 55 44 44 телефону, сайт аркылуу же банктын филиалдарынын кызматчыларына берүүгө болот.

«Золотая Корона» – дүйнөнүн 34 мамлекетинин 50 000ден ашуун тейлөө пункттарында жеткиликтүү болгон эсеп ачуусуз ылдам акча которуулар сервиси. Сервистин катышуучулары жана өнөктөштөрү 450дөн ашуун банктар, почта операторлору жана ири соода түйүндөрү болуп саналат.

close