Жаңылыктар

Орто-Сай базарындагы «Керемет Банк-Манас» борбордук филиалы 13-июнга чейин убактылуу иштебейт

10 кулжа 2020

Борбордун базарларында COVID-19 вирусун жугузуунун санынын көбөйүүсүн эске алып, жана коронавирустук инфекциянын андан ары жайылуусунун алдын алуу максатында Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы шаардык өзгөчө комиссия «Орто-Сай» базарынын аймагындагы ишкердик субъектилеринин ишмердүүлүгүн убактылуу токтотууга токтом кылды.

2020-жылдын 10-июнунан 13-июнуна чейин Донецкая, Юнусалиев, Жукеев-Пудовкин жана Безымянная көчөлөрү менен чектелген чарчыда дезинфекция жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу «Керемет Банк» ААКнун Жукеев-Пудовкин көч., 61 дареги боюнча жайгашкан "Керемет Банк-Манас"филиалы, Бишкек шаарынын мэриясынын Токтомуна ылайык жумуштарды жүргүзүү мезгилинде убактылуу жабылат.

Жакын жайгашкан тейлөө чекиттери жана банкоматтык жабдуулар жөнүндө маалыматты «Керемет Банктын» күнү-түнү иштөөчү байланыш-борборунан (0312) 55 44 44 телефону же WhatsApp аркылуу (0557) 55 44 44 телефону боюнча тактоого болот.

Убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана сиздердин түшүнүүңүздөрдөн үмүттөнөбүз. Өзүңүздөрдү жана жакындарыңыздарды сактаңыздар!

close