Жаңылыктар

«Керемет Банк» бизнести насыялоо боюнча пайыздык коюмдарды 12%га чейин азайтат

8 теке 2020

«Керемет Банк» дайыма өзүнүн кардарларына эң жагымдуу шарттарды түзүүгө аракеттенет. Пандемиядан жабыркаган ата мекендик ишкерлерге өздөрүнүн коммерциялык ишмердүүлүгүн калыбына келтирүү үчүн убакыт жана каражаттар талап кылынарын көңүлгө алып, «Керемет Банк» атайын насыялык программаны – «БИЗНЕС-КОЛДООНУ» иштеп чыкты. Пайызы төмөндөтүлдү жана насыянын суммасына жараша жылдык 12%дан 15%га чейин вариацияланат. Насыялык сунушту максаттуу колдонуу – COVID-19 пандемиясынан түз же кыйыр жабыркаган бизнести жаңылоо.

«БИЗНЕС-КОЛДОО» атайын насыясынын шарттары:

  • пайыздык коюмдары сом менен жылдык 12%дан 15%га чейин;
  • насыялоонун суммасы – 200 000 сомдон баштап;
  • насыялоонун максималдуу мөөнөтү – 5 жыл (жүгүртүү каражаттарын толуктоого мөөнөт 3 жылдан 4 жылга чейин көбөйтүлгөн);
  • бизнести калыбына келтирүү мезгилинде насыянын негизги суммасын төлөө боюнча мөөнөтүн узартып берүү мүмкүнчүлүгү.

Көңүл буруңуз – өнүм боюнча каражаттар чектелген!

Бул сунуш жөнүндө кенен маалыматты «Керемет Банктын» каалаган тейлөө чекитинен же күнү-түнү иштөөчү байланыш-борборунан +996 (312) 55 44 44 же + 996 (557) 55 44 44 – WhatsApp телефону боюнча алууга болот.

close