Жаңылыктар

«Керемет Банк» ишенимдүү сейф уячаларынын 20 вариантын 30%га чейинки арзандатуу менен сунуштайт

20 теке 2020

“Керемет Банк” ААКнун сейфтик сактоочу жайы – кардарлардын ар кыл баалуулуктарын сактоо үчүн ишенимдүү жана коопсуз жай. Банкта тандоого жараша өлчөмдөрү 7*12*54 смден 45*59,5*59,5 смге чейинки он жети өлчөмдөгү сейф уячалары, ошондой эле көп деңгээлдүү коргоо тутуму бар көлөмдүү шкафтар менен сейфтер бар, алар кардарлардын сактоо көлөмдөрү боюнча эң талаптуу каалоолорун канааттандырышат. «Керемет Банкта» акча каражаттарын, документтерди, зергер буюмдарын, баалуу кагаздарды, көркөм өнөр чыгармаларын, үй-бүлөлүк жана башка баалуулуктарды сактоого болот.

Жекече сейфти бир күндөн бир нече жылга чейинки мөөнөттө колдонууга болот. Кызмат көрсөтүүнүн наркы бир күнгө 10 сомдон 25 сомго чейин, анан да банкта узак мөөнөттөргө – 90, 180 жана 365 күндөн ашуун келишимдерди түзүүдө 10%га, 20%га жана 30%га арзандатуулардын ийкемдүү тутуму иштейт.

Ушул кызматты көрсөтүүнүн шарттары жөнүндө кыйла кенен маалыматты шилтеме боюнча, сайттагы  кайтарым байланыш аркылуу жана банктын күнү-түнү иштөөчү байланыш-борборунан (0312) 55 44 44 же (0557) 55 44 44 (WhatsApp) телефону боюнча алууга болот. 


close