Жаңылыктар

«Социалдык ипотека» боюнча насыялар Ош облусунан башка бардык облустарда берилүүсү уланууда

28 теке 2020

Иш жүзүндө Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында бюджеттик уюмдардын кызматчылары «Социалдык ипотеканын» алкагында сом менен жылдык 7,5 %дан 9,5 %га чейинки коюмдар жана 15 жылга чейинки мөөнөт менен  турак-жай сатып алууга насыяларды алууну улантышууда. Ош облусу өзгөчөлүктү түзөт, ал жакта 2020-жылдын 28-июлунда «Социалдык ипотека» өнүмүнүн алкагында турак-жайлык насыялоо боюнча өтүнмөлөрдү кабыл алуу аяктады. Мурда алынган насыялык өтүнмөлөр аныкталган тартипте карала турган болот. 

Чечим «Социалдык ипотека» боюнча Ош облусунда берилген насыялар жана кабыл алынган өтүнмөлөр аныкталган лимитке чукулдаганы менен байланышкан. 2019-жылы өнүмдү ишке салгандан бери жеӊилдиктүү коюм боюнча узак мөөнөткө «Керемет Банк» тарабынан бүткүл республика боюнча жалпы суммасы 1 472 млн. сом болгон миӊден ашуун ипотекалык насыялар берилген, алардын ичинен Ош облусунда – 238 млн. сомдон ашуун суммага 172 насыя.

«Социалдык ипотеканын» алкагында турак-жайлык насыялоо жана «Керемет Банктын» башка кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө бардык суроолорду аймактык тейлөө кеӊселеринен, күнү-түнү иштөөчү байланыш-борборунан (0312) 55 44 44, WhatsApp - (0557) 55 44 44 телефону боюнча же расмий сайт аркылуу тактоого болот.


close