Жаңылыктар

Кереметчилерди билип алыңыз: Изги иш кантип бүтүндөй бир шаарды жакшы кылды

3 баш оона 2020

Абдуллаева Замира – “Керемет Банктын” Баткендеги сактык кассасынын менеджер-кассири, кантип жалгыз эле социалдык стереотиптерди жана адамдардын дүйнө көрүмүн өзгөртүүгө, аларды артынан ээрчитүүгө, айланадагы дүйнөнү жакшыраак жана кайрымдуураак кылууга болорунун жаркын мисалы.

Пандемия күчөгөн маалда алыскы Баткенде, дегинкисин айтканда, бүткүл Кыргызстандагыдай эле, беткаптардын өтө жетишсиздиги байкалды. Замира таңсыктыктан улам баткендиктер көчөдө да, банкка келүүдө да беткап шарттамын кантип сактабай калышканын эскерет. Биздин каарманыбыз эки колун бооруна алып отуруп калган жана айыптууларды издеген жок, ал шаардыктарга өз күчү менен жардам кылууну чечти.

Банктын кызматкери жергиликтүү базардан кантип кездеме сатып алганын, аны бычканын жана ар күнү кечинде жумуштан кийин түн бир оокумга чейин өзүнүн тигүү машинасында колго беткаптарды тиккенин эскерет. 500 даана биринчи партиясын Замира банктын бардык беткабы жок кардарларына, шаардык кызматтарга жана аялдамалардагы, базарлардагы жана дүкөндөрдөгү кокус өтүп бараткан кишилерге акысыз таратты. Көптөр чын жүрөктөн алкыш айтышты жана беткап акысыз экенине таң калышты. Замиранын изги жосуну тууралуу кабар Баткендин учу-кыйырына желдей учуп жетти. Бул таржымалды угушуп, долбоорго жергиликтүү ишкерлер кошулушту, бири кездеме жана жип менен, бири муктаж болгондорду аныктоо жана беткаптарды таратуу менен жардам беришти. Бардык суроо-талаптарды жалгыз канааттандырууга Замира үлгүрбөй калды, ошондуктан ага жардамга сиңдилери Турдугүл жана Айгүл келишти. Азыркы учурда биздин каарманыбыз баткендиктер үчүн беткаптарды тигүүсүн улантууда жана өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин аны токтотууну мерчемдей элек.

Мына ошентип, кичинекей нерседен баштап, жарандык турумун жана социалдык жоопкерчилигин көрсөтүп, бүтүндөй бир шаарда баалуулуктар тутумун өзгөртүүгө жана кайдыгер эмес адамдарды өз артынан ээрчитүүгө болот экен. Бүткүл банктын атынан Замира Абдуллаевага анын изгилиги, адамдык сапаттары жана кийинки мезгилде чоң сейректикке айланган турмуштук баалуулуктары үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Замира Абдуллаева “Керемет Банктын” командасында 12 жылдан бери иштейт. Биздин кадрларыбыз менен сыймыктанабыз жана ушундай изги адамдары бар Кыргызстанды улуу келечек күтүп турганына ишенебиз!


close