Жаңылыктар

Ылдам жана акысыз! «Тулпар» транспорттук карталарын «Керемет Банктын» интернет-банкинги аркылуу толуктаңыз

10 баш оона 2020

10-августтан баштап Бишкекте автобустарда жана троллейбустарда жүрүүгө «Тулпар» бирдиктүү транспорттук картасынын жардамы менен накталай эмес ыкта гана төлөөгө болот.

Стандарттык көк карталарды айдоочулар, уюлдук операторлордун кеңселери жана «Кыргыз почтасы» МИнын бөлүмдөрү 50 сомго бир акысыз жүрүү менен сатышат.

«Тулпар» транспорттук картасынын теңдемин толуктоо зарыл. Эң жөнөкөй жана пайдалуу толуктоо ыгы – «Керемет Банктын» интернет-банкингинин жардамы менен, комиссиясыз жана күнү-түнү иштөө шарттамында.

Бул үчүн төмөнкүлөр зарыл:

  • интернет-банкингге кирүү жана түшүүчү тизмеден «Тулпар» картасы (электрондук чыпталоо)» талаасын тандоо: веб-версиядан «Кызмат көрсөтүүлөрдү тапшыруучуга төлөм» бөлүмүнөн, ал эми уюлдук версиядан – «Башкалар» кошумча барагынан «Төлөмдөрдү»;
  • сунушталган талааларда картанын бет эсебин жана транспорттук картага акча которуунун суммасын толтуруу;
  • төлөмдү жасоо.

Айтмакчы, «Керемет Банктын» кыргыз, орус жана англис тилдеринде жеткиликтүү болгон онлайн-сервистери аркылуу 300гө чейин ар кыл кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө болот, анан да алардын чоӊ бөлүгүнө – комиссиясыз, бул ыӊгайлуу гана эмес, пайдалуу дагы.

«Тулпар» транспорттук картасынын теӊдемин минималдуу комиссиялары бар альтернативалуу ыктар менен да толуктоого болот: накталай акчаларды төлөм терминалдары жана cash-in кызматы бар банкоматтар аркылуу салуу, ошондой эле накталай эмес ык менен – «Керемет Банктын» кеӊири банкоматтык тармагынын жардамы менен зарыл сумманы өз төлөм картаӊыздан өз алдынча которуу.

«Тулпар» картасын накталай эмес толуктоо же «Керемет Банктын» башка банктык кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө бардык кошумча суроолорду банктын байланыш-борборунан +996 (312) 55 44 44, +996 (557) 55 44 44 – WhatsApp телефондору боюнча же сайттагы кайтарым байланыш калыбы аркылуу тактоого болот.


close