Жаңылыктар

«Социалдык ипотека» льготалык программасы боюнча жаңылыктар

20 баш оона 2020

Керемет Банк 2019-жылдан бери мамлекеттик кызматчылар үчүн льготалык шарттарда берилчү «Социалдык ипотека» аттуу ипотекалык насыялоо программысын Кыргызстанда ийгилүктүү ишке ашырып келет.

Программа иштеп баштагандан бери банк бүткүл республика боюнча 1,5 млрд. сомдон ашуун суммадагы 1081 насыя берди. «Социалдык ипотекага» бөлүнгөн каражаттар чектелүү болгондугуна байланыштуу банк тарабынан облустук чектөөлөр коюлган жана алардын жарымынан көбү 2020-жылы региондорго багытталган.

Кээ бир облустарда берилген насыялар коюлган чектөөлөргө жакындап калгандыгын эске алуу менен 2020-жылдын 20-августунан тартып Бишкек шаарында, Чүй жана Ыссык-Көл облустарында «Социалдык ипотека» боюнча арыздарды кабыл алуу аяктайт (Ош облусунда арыздарды кабыл алуу 2020-жылдын 28-июлунда токтогон). Мурда кабыл алынган насыя боюнча арыздар белгиленген тартипке ылайык каралат.  

«Социалдык ипотеканын» мамлекеттик кызматчылар үчүн льготалык шарттарда турак жай насыяларын берүү иш-аракети башка облустарда уланып жатат. Баштапкы төлөмдүн суммасына жараша «Социалдык ипотека» боюнча пайыздык чен сом менен жылына 7,5%дан 9,5%ды түзөт. Насыянын мөөнөтү 15 жылга чейин болот.

«Социалдык ипотеканын» алкагындагы турак жай насыялары жана «Керемет Банктын» башка кызматтары тууралуу баардык суроолорго аймактык тейлөө кеңселеринен, (0312) 55 44 44 номери боюнча 24/7 байланыш борборунан, (0557) 55 44 44 номери боюнча WhatsApp же расмий сайты аркылуу жооп алсаңыз болот.


close