Жаңылыктар

«Керемет Банк» Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайт!

31 баш оона 2020

Кыйын мезгилдерди баштан кечирген Кыргыз Республикасы эч нерсеге карабастан алдыга жылып, өнүгүп келе жатат. Ар кандай тарыхый мезгилдерде ынтымактуу Кыргызстан көптөгөн элдерди өз канатынын астына алган. Алар ушул күнгө чейин бири-биринин каада-салтын жана маданиятын урматтоо менен ынтымакта жана өз ара түшүнүшүүдө жашап, өлкөнүн бактылуу келечеги үчүн иштеп келишет.

«Керемет Банк» ААКнын жамааты бардык кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, чың ден-соолук, туруктуулук, келечекке болгон ишеним жана жаңы жеңиштерди, ал эми өлкөбүзгө тынчтыкты, жакшылыкты жана гүлдөп өнүгүүнү каалайт!

  

Жакшы каалоолор менен,

«Керемет Банк»


close