Жаңылыктар

Бюджеттик кызматкерлер үчүн "Социалдык ипотека" долбоору баардык аймактарда сурамдуу жана талаптуу болуп келүүдө: областтар боюнча статус

14 аяк оона 2020

2019-жылдын башынан тартып бюджет кызматкерлери үчүн жеңилдетилген шарттарда “Социалдык ипотека” программасынын алкагында, “Керемет Банк” бир жарым миллиард сомдон ашык суммага турак жай насыяларын берди, аал аркылуу өлкөбүздүн ар кыл бурчунда байыр алган миңдеген кыргызстандыктарга турак сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүп берген.

Каражаттардын адилеттүү бөлүштүрүлүүсү үчүн насыя берүүгө областтык чектөөлөр белгиленген, алардын ичинен Бишкек шаары, Ысык-Көл, Ош жана Чүй областтарында каражаттар толугу менен өздөштүрүлүп бүттү. 14-сентябрдан тартып “Социалдык ипотека” долбоору Талас областына аяктайт, ошол эле учурда, мурда кабыл алынган насыя билдирмелери банктын адистери тарабынан кароого алынмакчы. 

Азыркы учурда, социалдык кызматкерлерге жеңилдик берилген шарттагы турак жай насыясы боюнча программа Баткен, Жала-Абад жана Нарын областтарында уланып келе жатат: алгачкы төлөмдүн көлөмүнө жараша “Социалдык ипотека” боюнча пайыздык чен 7,5 пайыздан тартып 9,5 пайызга чейинкини, мөөнөтү болсо 15 жылга чейинки аралыкты камтыган.

“Социалдык ипотека” программасынын алкагындагы турак жай насыялоо жана “Керемет Банктын” башкы кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө бардык суроолорду тейлөөгө алуунун областтык кеңселеринен, (0312) 55 44 44 телефону боюнча күнү-түнү иштөөчү контакт-борбордон, (0557) 55 44 44 телефонундагы WhatsApp аркылуу жана банктын расмий сайтынан тактап алууга болот.

close