Жаңылыктар

"Кыргызстан банктар Бирлиги " Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгү күнүнө карата “Керемет Банктын” мыкты кызматкерлерин сыйлады

15 аяк оона 2020

 «Кыргызстан банктар Бирлиги" Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Ардак грамоталарды жана Ыраазычылык каттарын тапшыруу менен “Керемет Банктын” мыкты финансисттерин сыйлады.

«КББнын сыйлыктары, банк тутумунун жана КББнын ишкердигине олуттуу салымдарын кошкон инсандардын жогорку жетишкендиктерин баалоо болуп саналат. Сыйлыкты тапшыруу аркылуу Сиздердин кесипкөй жамаатыңар банктын, банк тутумунун жана бүтүндөй алганда, коомчулуктун өнүгүүсү урматына, күчүн аябастан эмгегин аткара тургандыгына терең ишенимибизди билдиребиз», - деп жазылган “Кыргызстан банктар Бирлигинин” куттуктоосунда.

 «Керемет Банктын» сыйлык алышкан кызматкерлери көп жылдардан бери аркалаган ишине берилип, комплекстик билимге ээлик кылуу менен өз тармактарынын кесипкөйлөрү болуп саналышып, кесиптештеринин арасында кынтыксыз аройго ээ инсандар.

“Кыргызстан банктар Бирлигинин” Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланышты:

  • Урапин Максим Ильгизович – “Керемет Банк” ААКсынын төлөм сервистер башкармалыгынын начальниги;
  • Кожомуратова Анара Ашимкановна - “Керемет Банк” ААКсынын мерчемдөө жана талдоо башкармалыгынын начальниги

“Кыргызстан банктар Бирлигинин” Ыраазычылык каты менен төмөнкүлөр белгиленди:

  • Иштыбаева Сияр Асановна – “Керемет Банк-Чүй” филиалынын кассалык операциялар бөлүмүнүн начальниги
  • Сатыбалдиев Женишбек Назарович - “Керемет Банк-Кадамжай” филиалынын Кызыл-Кыя шаарынын сактык кассасынын башчысы
  • Асылбекова Айгерим Асылбековна - “Керемет Банк-Ош” филиалынын Операциялык бөлүмүнүн начальниги
  • Макенова Айнагул - “Керемет Банк-Ош” филиалынын Операциялык бөлүмүнүн улук менеджери
  • Кушбакова Анаркан Шукуровна - “Керемет Банк-Жалал-Абад” филиалынын кассалык операциялар бөлүмүнүн начальниги
  • Оморбеков Нурбек Тагайбекович - “Керемет Банк-Жалал-Абад” филиалынын техникалык колдоо боюнча адиси
  • Асаналиева Бурмакан Шакеновна - “Керемет Банк-Каракол” филиалынын кассалык операциялар бөлүмүнүн начальниги
  • Ниязалиев Тимур Сулайманович - “Керемет Банк-Каракол” филиалынын банкоматтарды жана төлөм терминалдарды тейлөө боюнча адиси
  • Ибраева Наталья Леонидовна - “Керемет Банк-Кара-Балта” филиалынын башкы бухгалтери
  • Устименко Ирина Анатольевна - “Керемет Банк-Кара-Балта” филиалынын операциялык бөлүмүнүн начальниги
  • Беклемищев Николай Александрович – “Керемет Банк-Ысык-Көл” филиалынын банкоматтарды жана төлөм терминалдарды тейлөө боюнча адиси
  • Шаршеева Назира Копболотовна – “Керемет Банк-Ысык-Көл” филиалынын Балыкчы шаарындагы сактык кассасынын менеджер-кассири
  • Сулайманов Жусуп Ажыгулович – “Керемет Банк-Талас” филиалынын насыя менеджери

 «Керемет Банк» ААКсынын эмгек жамааты, банктын, Кыргыз Республикасынын банк тутумунун андан ары өнүгүүсүнө салым кошуудагы иштеринде кесиптештерине ийгилик, жетишкендиктерди каалап, өлкөбүздүн өркүндөөсүн тилек кылат.

close