Жаңылыктар

Жеңилдик берилген “Социалдык ипотека” турак-жайга насыя программасы 2020-жылдын акырында соңуна чыгууда

16 аяк оона 2020

Жеңилддик берилген шарттарда бюджеттик мекеме кызматкерлерине турак-жай алууга берилүүчү “Социалдык ипотека” өлкөнүн бардык областтарында абдан популярдуу жана сурамдуу болуп чыкты. Өлкөнүн ар бурчунда жашаган миңдеген мекендештерибизге жеткиликтүү турак алууга жардам берип келе жатканынан Банк дагы олуттуу кубанычты сезип турат.

Аймактардын ири бөлүгү, адилеттүүлүк принциптеринде аларга бөлүнүп берилген чектөөлөрдү толугу менен өздөштүрүп бүтүшкөн. Учурда Баткен жана Нарын областтарына гана, жылдык 7,5 пайыздык ченден 9,5 пайыздык ченге чейинки “Социалдык ипотека” 15 жылга чейинки мөөнөткө сом менин берилип жатат.

“Социалдык ипотека” программасынын алкагындагы жана “Керемет Банктын” башкы кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө бардык суроолорду тейлөөгө алуунун областтык кеңселеринен, (0312) 55 44 44 телефону боюнча күнү-түнү иштөөчү контакт-борбордон, (0557) 55 44 44 телефонундагы WhatsApp аркылуу тактап алууга болот.

close