Жаңылыктар

Насыя алганга күрөө жетпей жатабы? “Керемет Банктын” жаңы сунушунан колдонуңуз!

29 аяк оона 2020

Орун алган окуялар көз карашынан алганда, 2020-жыл ата мекен бизнеси үчүн жеңил боло койгон жок, ошондон улам «Керемет Банк», кызматташтыкта эң ыңгайлуу, комфорттуу шарттарын түзүү менен өз кардарларын колдоого алууну улантып келет. Алсак, Банк менен “Кепилдик фонду” ААКсынын ортосунда жакында келишилген макулдашуу, күрөөлүк камсыздоо жетишсиз болуп жаткан учурда дагы, Банктан карызды алууну кыйла ыңгайлуу жана пайдалуу кыла алды. Бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр, алардан кантип пайдаланууга боло тургандыгы жөнүндө “Керемет Банк” ААКсынын Насыялоо башкармалыгынын начальниги КАНАТ КАРАГУЛОВ баяндап бермекчи.


- Азыркы учурда банктык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө атаандаш болуу жеңил эмес болуп калды: банктар дээрлик окшош шарттарда, бирдей кызматтарды сунушташат, пандемиядан кийинки кризис дагы таасирин тийгизип жатат. Ушул абалдан алганда, “Керемет Банк” кандай аракеттерди жасап  жатат?

- Биз, кардарлар жана акционерлерибиз бизге ишенип берген каражаттарды рынокто адилеттүү жана натыйжалуу жайгаштырышыбыз керек, ошондуктан биздин насыя саясатыбыздын негизинде биринчи кезекте, ар бир кардарга жекече мамиле кылуу  орун алган. «Керемет Банк» ар дайым кардардын муктаждыктарын түшүнүүгө аракет кылып, конкреттүү бизнес үчүн пайдалуу болгон, суроо-талапка ээ болуп келген насыя өндүрүмдөрүн сунуш кылып келет. Биз, пандемсия учурунда дагы ишкерлер тарапта болдук: насыяларын реструктуризациялап, алардын төлөө мөөнөттөрүн узартып бердик, COVID-19 илдетинин Кыргызстанда тарап кетишинен жапа тарткан бизнесмендерди колдоо үчүн атайы түзүлгөн ички фонддун эсебинен аларды пайдалуу шарттарда каржыладык.

- Жеке мамиле кылуу – бул албетте, плюс дегилечи, бирок баары бир насыя-берүүчү банкты тандап алуудагы маанилүү фактор болуп, финансы мекемеси сунуштаган шарттар болот эмеспи.

- Биздин милдетибиз, банктын насыя өндүрүмдөрү бизнес үчүн оорчулук болбостон, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып туруусунда камтылган. Банктын насыя өндүрүмдөрүнүн тилкеси орун алган, алар ар башка максаттары каралып, кардардын тандоосуна ылайык ар кыл түрдөн турат. Мында биз кардарларга насыя тилкесин ачуу мүмкүнчүлүгүн беребиз, аларга төлөмдөрдүн жеке ыргагын же болбосо насыяны жабуу үчүн жеңилдик берилген мезгилди сунуштайбыз. Азыр биздин арсеналыбызда, бизнес үчүн дагы бир пайдалуу артыкчылык орун алды. Кардарга керектүү каражатты алуусуна күрөөлүк камсыздоосу жетпей калган учурлар кездешет, ошондо, биздин “Кепилдик фонду” менен биргелешкен сунушубуз ушул маселени чечип кетүүгө дагы көмөк көрсөтөт.

 

  • Эгерде сиз ишкер болсоңуз жана зарыл болгон өлчөмдөгү карыз каражатты алуу үчүн күрөөлүк кармыздоо жетишсиз болуп жатса, сиз кепилдикти тариздеп, анын жыйынтыгы боюнча зарыл болгон насыя ала аласыз.

 

- Ал кандай иштейт?

- Жөнөкөй мисал менен түшүндүрүп берейин. Мисалга алсак, кардарга 5 000 000 сом суммасындагы бизнес-насыя керек болуп турат, бирок аны алуу үчүн 2 000 000 сомго күрөө жетпей жатат. Биздин “Кепилдик фонду” менен биргелешкен долбоорубуздан улам, кардар кепилдикти тариздеп, насыяны толук өлчөмүндө ала алат, болгону бир ирет төлөнүүчү комиссяны төлөп берет. Мында, кепилдик зарыл болгон насыянын суммасынан 50 пайызына чейинкисин жаап бере алгандыгын да белгилей кетүү керек. Ыңгайлуулуктарынын бири – бизде “бирдиктүү терезе” принциби иш алып барат: кошумча документтерди топтоого кардар убактысын кетирбейт, банктын кеңсесин башка эч жакка баруунун кажети да жок, – кызматкерлер “Кепилдик фонду” ААКсы менен зарыл болгон документтерди тарздөө боюнча бүтүндөй логистиканы өздөрү уюштурат.

- Аталган кепилдикти алуу үчүн бизнес-ишкердиктин артыкчылыктуу тармактары барбы?   

- Эгерде бизнеске жардам бере алсак, анда аны ар дайым аткарабыз. Ар бир бизнестин насыя алууга өзүнүн себептери, өздүк бэкграунду жана өз өзгөчөлүктөрү бар, аларды ар дайым эске алуу керек: мейли алар, пандемия учурунда медицина жана билим берүү, же соода, айыл-чарбасы, өндүрүү же кайра иштеттүү сыяктуу тармактарында талаптуу болгондору болсун.

 

  • Биз кардарларыбызды чектебейбиз жана күрөөлүк камсыздоонун жетишсиздиги учурунда, бизнес үчүн бардык  иштеп турган насыя өндүрүмдөрү боюнча кепилдиктен пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланууну сунуштап келебиз.  

 

- “Кепилдик фонду” ААКсы менен биргелешкен долбоордон күтүүлөрүңөр кандай?

- Эң мыкты күтүүлөрүбүз бар. Макуулдашууга кол койгондон тартып бир ай да өтө элек, биз болсо ошол кызматка бизнес тарабынан көрсөтүлүп жаткан олутуу кызыгууну байкап турабыз. “Кепилдик фонду” ААКсы менен өлкөдөгү ишкердиктин өнүгүүсүнө олуттуу салымыбызды кошуп, ата мекен бизнесине колдоо көрсөтө алабыз деп ишенем.

“Керемет Банк” менен “Кепилдик фонддун” биргелешкен долбоорунун алкыгнда насыялоо тууралуу кыйла толук маалыматты, (0312) 55 44 44 телефону боюнча күнү-түнү иштөөчү контакт-борбордон, (0557) 55 44 44 телефонундагы WhatsApp аркылуу жана банктын расмий сайтынан, ошондой эле Банктын  тейлөө кеңселеринен тактап алууга болот.  


close