Жаңылыктар

«Керемет Банк» кыскартылган ыргакта кардарларды тейлөөгө алууну жандандырды

8 тогуздун айы 2020

Коммерциялык банктар жана банктык эмес финансы-кредиттик мекемелер бүгүнкү күндөн тартып өз ишкердигин жандандырууда. «Керемет Банк» банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн негизги түрлөрүн сунуштап келет, бирок, өлкөдө орун алган абалды эске алуу менен банктын филиалдары жана сактык кассалары кыскартылган ыргакта иштешмекчи. Банктын филиалдык тармактарынын иш алып баруу ыргактары тууралуу маалыматтарды  (0312) 55 44 44 телефону аркылуу күнү-түнү иштеген контакт-борбордон жана  (03557) 55 44 44 номериндеги воцапка жазып, ошондой эле сайттан тактап алууга болот.

 Азыркы учурда төлөм жана акча которуу операциялары улутту төлөм тутумдары аркылуу жөгө ашырылып жаткандыгына, ал эми өлкөнүн сыртына накталай эмес которуулар жана төлөмдөр Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү чечими чыкканга чейин токтотулгандыгына “Керемет Банктын” кардарларынын көңүлүн бургуп кеткибиз келет. Банкоматтар түйүнү, төлөм жана POS-терминалдар кадимки ыргакта иш алып барып, онлайн-кызматтар дагы жеткиликтүү экендигин билдиребиз.

Убактылуу орун алып жаткан ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз. “Керемет Банктын” ишкердигиндеги ар бир өзгөрүүлөр тууралуу кошумча маалыматтар берилип турмакчы.


close