Жаңылыктар

“Керемет Банк” орусиянын «Россельхозбанк» АКсы менен тикелей корреспонденттик мамилелер орногондугу тууралуу билдирет

8 тогуздун айы 2020

Орусиянын эң ири банктарынын бири – «Россия айыл-чарба банкы» («Россельхозбанк») – “Керемет Банкка” орус рубли, АКШ доллары жана евро сыяктуу үч негизги валютада корреспонденттик эсепти ачты.

Мындан 20 жыл мурда агроөнөржай сектору жана Орусия Федерациясынын айыл аймактарын улуттук насыя-каржы тутумун өнүктүрүү үчүн негизделген «Россельхозбанк» бүгүнкү күнү Орусиянын мыкты ТОП-5 катарына кирип, актив жана капиталынын көлөмү боюнча өлкөнүн эң ири жана туруктуу каржы мекемесинин курамында турат.

«Россельхозбанк» АКсы сыяктуу ири жана  ишенимдүү өнөктөштүн болуусу Кыргызстан жана Орусиянын ортосундагы экспорттук-импорттук операциялар боюнча эл аралык өз ара эсептешүүнүн кеңейтүү жана күчөтүүгө өбөлгө түзөт.

Эл аралык операциялар боюнча кененирээк консультацияларды шилтеме боюнча банкка кайрылып, же болбосо (0312) 55 44 44 телефону аркылуу контакт-борборго чалып, же (0557) 55 44 44 (W/A) номерине жазуу аркылуу алууга болот.


close