Жаңылыктар

«Керемет Банк» кадарларынын арасында телефондук сурамжылоо жүргүзө тургандыгы жөнүндө расмий түрдө билдирет

20 тогуздун айы 2020

«Керемет Банк» сунуш кылынып жаткан кызматтардын сапатын жакшыртуу максатында телефондук сурамжылоо жүргүзө тургандыгы жөнүндө расмий түрдө билдирет

Изилдлөөнү жүзөгө ашырууга Банктын контакт-борборунун кызматкерлери тартылган. Сурамжылоо анонимдүү түрдөө ишке ашырылат, бардык респонденттерге толук конфиденциалдуулукту кепилдөө менен банк кардарлардын жеке маалыматтарын дагы, банктык маалыматтарын дагы колдонбойт.

Ишке ашырылган сурамжылоонун жыйынтыктары “Керемет Банктын” кызматтарынрына, алардын натыйжалуулугуна объективдүү баа берүүгө, кардаларды тейлөө сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет деп күтүлүп жатат.

Изилдөөгө катышуу өз ыктыяры менен аткарылат жана үч мүнөттөн ашпаган убакытты алат. Мындан дагы мыкты болуу максатында кардардын пикирин билүү биз үчүн абдан маанилүү.

Ишке ашырылып жаткан изилдөө жана “Керемет Банктын” кызматтары тууралуу толук маалыматты (0312) 55 44 44 номери  аркылуу Банктын күнү-түнү иштеген контак борборунан жана (0557) 55 44 44 номериндеги восаппка жазуу аркылуу биле аласыздар.


close