Жаңылыктар

«Керемет Банк» контактсыз UnionPay International карттарын тейлөөгө ала баштады

29 тогуздун айы 2020

Банктык жабдуулар саны боюнча Кыргыз Республикасында эң мыкты банк деп табылган  «Керемет Банк», өз банкоматтарында популярдуу болгон эл аралык UnionPay International төлөм тутумунун контакттык эмес карттарын тейлөөгө ала баштады.


«Керемет Банк» UPIнин Кыргызстандагы эң биринчи өнөктөштөрүнөн болуу менен бир катар жылдар аралыгында, өлкөнүн ар бир областтарында картты кармап туруучулардын заманбап чечимдерге жеткиликтүүлүгүн жогоруталуу тармагында активдүү иштерди аткарып келе жатат.

Кыргызстанда айыл жеринин жана алыскы райондордун жашоочуларынын  олуттуу саны банктык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү ала албай келишкен. Аталган көйгөйдү чечүү үчүн банк кыска мөөнөт ичинде масштабдуу жана өлкөнүн көптөгөн финансы-кредиттик мекемелери үчүн оорчулук болуп келген долбоор, өлкөнүн жетүүчү үчүн эң кыйын болгон аймактарына контактсыз ридерлери менен 100 банкоматты жекирүү, орнотуу, кошуу жана тейлөөгө алууну аткарган, ал аймактардын катарына төмөнкүлөр кирген: 19 – Баткен, 17 –Жалал-Абад жана Ош, 13 - Ысык-Көл жана Чүй, 12 –Нарын жана 9 – Талас областтарына каралган. 

  • Банкоматтардын жана алардын программалык камсыздоолорунун кымбаттыгынан, аймактардагы инфраструктуралардын өнүгүүсүнүн төтөндүгүнөн, жабдууларды күтүүнүн  баасынын жогорулугунан, ошондой эле, аларды инкассациялоо татаалдыгынан улам, Кыргызстандын бардык эле банкты мындай кадамдарга бара бербейт. «Керемет Банк» ал долбоорду ийгиликтүү ишке ашырган жана бүгүнкү күнү банктын банктык түйүнү өлкө боюнча 250 жабдуудан ашкан, келечекте аны кеңейтүү мерчемделип жатат.

Элдердин банктык кызматтарга жеткиликтүүлүгү жана алардын жашоосу  инфраструктурага көзкаранды экендигин Банкта жакшы түшүнүп турат, ал эми UnionPay кыргыз өнөктөшү дагы соода-сервистик ишканаларда POS-терминалдар санын жогорулатуу жана төлөм терминалдарын кеңейтүү,  өлкөдө онлайн-сервистерди, мобилдик жана интернет банкингди өнүктүрүүнүн, ошондой эле заманбап технологияларды жана дүйнөлүк стандарттарды колдонуу менен жаңы банктык  чечимдерди киргизүүнүн үстүндө активдүү иш алып алып барууда.

 Эл аралык UnionPay төлөм тутуму 2300дөн ашык чет өлкө мекемелери менен кызматташып келет, анын карттары дүйнөнүн 61 өлкөсүндө чыгарылаьт жана 179 мамлекеттерде кабыл алынат. Дүйнөдө чыгарылган карттар саны боюнча лидер болуп саналуу менен, UnionPay банктык тутумга гана эмес, төлөм тутумунеда чечимдерди жана технологиялык мүмкүнчүлүктү сунуштоо аркылуу олутту сандагы карпдарларды тартуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон чекене соода жана чакан бизнес өкүлдөрү үчүн дагы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып келет. 


close