Жаңылыктар

Кыялдарды орундаткан банк, же доктор Гулсана Бапаеванын ийгилигинин таржымалы

30 тогуздун айы 2020

Доктор-терапевт Гулсана Жунусовна Бапаеванын ысымы Оштон тартып Бишкекке чейики бейтаптарга таанымал. Кынтыксыз иш алып барган 35 жылы Кыргызстанда медицинаны өнүктүрүүгө жумшалган, анын ичинен 25 жылы белгилүү себептерден улам, медицина тармагындагы ишкердикке арналган. Кыргызстанда көптөрү эле ушундай туруктуулук жана жыйырма беш жылдык бизнес-ийгилиги менен мактана беришпейт.

Гулсана Бапаеванын ишкердик дебюту 1996-жылы Бишкек шаарына көчүп келгенден жана “Дордой” базары тараптагы алгачкы медициналык борборду ачуудан кийин ишке ашыкан. Бүгүнкү күнү ал, потенциалдуу үч медициналык мекемеден турган филиалдык тармак. Андай ийгиликке жетишүү “Керемет Банк” менен көп жылдаган кызматташынын арты менен дагы жетишилген.

«Керемет Банк» менен биздин кызматташтыгыбыз бир нече жылдан бери өнүгүп келет, - деп, кеп салат медициналык борборлордун жетекчиси Гулсана Бапаева. - Өз кезегинде салттуу жана салттуу эмес медицинанын жетишкендиктерин бириктирүү боюнча биздин бизнес-демилгебизге банк өз ишенимин көрсөткөн. Банктын насыя боюнча адистери бизге бизнес-мерчемдерибизди өнүктүрүүгө, тобокелдиктерге баа берүүгө жана насыя алуу үчүн оптималдуу варианттарын табууга көмөк көрсөтүшкөн. Биздин эмгек жамаат жагымдуу өнөткөштүк жана биз үчүн абдан маанилүү болуп саналган, жеке мамиле кылуусуна терең ыраазычылыгын билдирет".

 

Үч медициналык борбор “Дордой” базарынын, Ош базары жана Орто-Сай базарларынын жанында ачылган. Ал жактарда жеткиликтүү баада бейтаптар ар кыл кызмат көрсөтүүлөрдү: медициналык консультациялар, тиш даарылоо кызматтарын, укалоо, гирудотерапию (мите курт менен даарылоо) алып, анализдерин тапшырышып, рентген, капельница жана укол сайдыруу кызматтарынан пайдалана алышат. Базардын таңдан кечке чейин колу бошобогон жумушчулары үчүн борборлордун орун алган жери, алардагы наркы жана көрсөткөн кызматтары бардык зарыл болгон талаптарга толугу менен жооп берет. Ал эми ыңгайлуу атмосферасы, тейлөө сапаты жана жагымдуу персоналы борборлор иш алып турган мезгил аралыгында чынында эле бейтаптардын элдик сүйүүсүнө арзыган.

Кардарлардын ишеними менен сүйүүсү – бул чындыгында эле «Керемет Банк» үчүн дагы эң баалуу актив. Банкка кайрылган ар бир ишкер ар дайым жеке мамиле кылууну жана конкреттүү бизнестин адистигин эске алуу менен банктык тейлөөнүн бардык багыттарынан пайдаланууга шарттарды алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Маанилүү жагы: эгерде бизнесменге карыз каржатанынын тишелүү өлчөмүн алуу үчүн күрөөлүк камсыздоо жетишпей жаткан болсо, анда биздин банк Кепилдик фондунан кепилдик алууга көмөктөшүп, тиешелүү болгон сумманы сунуштайт.

 

 «Керемет Банкка» кош келиңиздер!

Банктык кызмат көрсөтүүлөрү боюнча толук маалыматты “Керемет Банктын” (0312) 55 44 44 телефону аркылуу күнү-түнү иштеген контакт-борборунан, (0557) 55 44 44 телефон номериндеги WhatsApp тармагынан же банктын расмий сайтынан, ошондой эле тейлөө кеөселерине тикелей кайрылуу менен ала аласыздар.


close