Жаңылыктар

«Керемет Банктан» 100 000 сомго чейин насыя алган карыз алуучулардын үч айлык пайыздары эсептен алынып салынат. Кандай шарттарда?

25 жетинин айы 2020

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы №552 токтомунун негизинде, 2020-жылдын 1-октябрына чейин  100 000 сомдон ашпаган суммада насыя алган карыз алуучулар 2020-жылдын декабры жана 2021-жылдын январь-февраль айлары үчүн кошуп эсептелинген пайыздарды төлөөдөн бошотулушу мүмкүн.

2020-жылдын 5-декабрына чейин "Керемет Банк", насыя боюнча чегерилген үч айлык пайыздарды төлөөдөн кийинчерээк бошотуу үчүн COVID-19 тажывирусу инфекциясынын эпидемиясынан улам катаал эконономикалык абалда калган карыз алуучулар боюнча тизмени түптөйт.

Пайыздарды төлөөдөн бошотуулуучу карыз алуучулардын тизмесине кирүү үчүн карыз алуучу 2020-жылдын 5-декабрына чейин байланыштын электрондук каналдарын пайдалануу ыкмасын кошо алганда,  жазуу жүзүндөгү арыз менен насыя алган жери боюнча банкка кайрылуусу зарыл.

Жазуу жүзүндөгү кайрылуусу жок болгон учурда, насыяны төгүү боюнча кол коюлган ыргакка ылайык банк тарабынан пайыздар чегерилип, алына бермекчи

Маанилүү! Эгерде карыз алуучуда, 2020-жылдын 1-октябрына карата 100 000 сомго чейин башка катарлаш насыялары бар болгон учурда, анда карыз алуучунун жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде бир гана финансы-кредиттик мекемедеги насыясы боюнча пайыздары эсептен алынып салынгууга тиешелүү болот.

Кошумча суроолор боюнча (0312) 55 44 44 телефону аркылуу «Керемет Банктын» күнү-түнү иштеген контакт-борборуна, 0557 55 44 44 телефонундагы WhatsApp түйүнү же расмий сайт аркылуу кайрылсаңздар болот.

close