Жаңылыктар

“Социалдык ипотека” деген жеңилдик берилген турак жай насыялоо программасы 2020-жылы ийгиликтүү нукта акырына чыгып келе жатат

26 жетинин айы 2020

 “Социалдык ипотека” насыя өндүрүмүнүн алкагында 2020-жылы өлкө боюнча бюджеттик кызматкерлерге жеңилдик берилген шарттарда турак жай сатып алууга 750 млн сом бөлүнүп берилген: областтар боюнча адилетүү нукта бөлүштүрүлүп берилген турак жай насыялары, жылдык 7,5 пайыздан тартьып 9,5 пайызга чейин ченде, сом түрүндө 15 жылга сунушталган.

Азыркы учурда “Керемет Банктын” аймактык филиалдары бюджеттик кызматкерлерге жеткиликтүү пайыздык чендер менен турак алууга бөлүнүп берилген каражатты өздөштүрүү боюнча ишти акырына чыгарып жатышат. Ушуга байланыштуу «Керемет Банк» 2020-жылга карата “Социалдык ипотека” долбоору боюнча билдирмелерди кабыл алууну токтотууда, бирок, мурда кабыл алынган бардык билдирмелерди чейин насыя боюнча адистер жылдын акырына иштеп чыгууну акырына чыгарышмакчы.

«Керемет Банк», 2019-жылдын май  айынан тартып иштей баштаган “Социалдык ипотека” программасынын артынан 1,7 млрд. сом жалпы суммасына жеткиликтүү турак жайды Кыргыз Республикасынын ар тарабынан 1 200 үй бүлөө ала алгандыгын кубануу менен билдирет.

“Керемет Банктын” кызмат көрсөтүүлөрү тууралуу кенен маалыматты (0312) 55 44 44 телефону аркылуу күнү-түнү иштеген контакт-борбордон жана 0557 55 44 44 телефонундагы WhatsApp түйүнү аркылуу ала аласыздар.

close