Жаңылыктар

«Керемет Банктын» кызматкерлери “Оберег” реабилитациялык борборунун тарбиялануучулары үчүн жаңы жылдык куттуктоого акча каражаттарын чогултушту

29 бештин айы 2020

Жаңы жылдык майрам алдында "Керемет Банктын" кызматкерлери “Оберег” реабилитациялык борборунун тарбиялануучулары үчүн жагымдуу сыйкырчылар боло алышты. Кереметчилер борборго барып, анын тарбиялануучуларын жаңы жылы менен куттуктап, педагогдорго аткарып жаткан эмгеги үчүн ыраазычлыктарын билдирип, ушул жаркын күндөрү баардыгына ажайып жакшылыкты, баардык тилек менен үмүттөрдүн орундалышын каалап кетишти. Чогултулган каражаттарга кызматкерлер майып балдар үчүн таттуу белектерди, мөмө-жемиш жана суусундуктарды сатып алышкан.

Борбордо учурда 50 тарбиялануучу катталып, аларга көптөгөн жылдар аралыгында ар күнү педагогдору менен тарбиячылар мээримин, камкордугун тартуулап, үмүт менен тилек, толук кандуу өнүгүүгө укук арттырып, билим алуу, спорт менен машыгуу жана чыгармачылыкка бирдей шарттарды түзүп келишет.

Биргелешкен аракеттин артынан балдарга майрамдык маанай тартууланып, ага реабилитациялык борбордун баардык тарбиялануучулары катыша алышты. Ал эми өз кезегинде, тарбиялануучулар меймандарга жарашыктуу кийимдери жана декорациялардын коштоосунда бий, ыр тартуулашты. Тамашкөй ата менен эне, торпогу менен уй баардык катышуучуларды сынак жана оюндар менен кызыктырып, ал эми Аяз ата жана Аяз кыз жаш көрүүчүлөрдү зериктирген жок.

 «Керемет Банктын» кызматкерлери, турмуштук оор абалдарга кабылгандарга колдоо көрсөтүүсүн мындан ары дагы уланта бермекчи жана аны менен катар, баардык кыргызстандыктарга бакыт таалай, ден соолук, байгерчилик жана тынчтыкты каалайт!

close