Жаңылыктар

“Керемет Банк” тарабынан чыгарылган «Элкарт-NFC» контактсыз карттардын талашсыз артыкчылыктарына баа бериңиздер

30 бештин айы 2020

«Керемет Банк» NFC технологиясынын базасында, орнотулган контактсыз төлөмдөр функциясы «Элкарт» улуттук тутумунун карттарын эмитирлей баштады.

NFC (Near Field Communication «жакынкы контактсыз байланыш» сыяктуу которулат) – маалыматтарды жоготуу же алардын кармалып калуу коркунучу жок, 10 см чейинки аралыкта атайын окуу терминалы аркылуу төлөм карты менен маалыматтарды контактсыз алмашуу технологиясы – карттын номерлериндеги маалыматтар санариптелген видеодо жана башка жерде колдонулбайт.

Контактсыз технология сатып алууларды аралыктан туруп жана максималдуу тез арымда – картты башка биоөөнө берүүсүз жүзөгө ашыра алат. Ирмем ичинде төлөөнү жүзөгө ашыруу үчүн «Элкарт-NFC» банктык карты жөн гана, PIN-кодду киргизбестен туруп кассадагы окуй турган жабдууга жакындатуу жетиштүү болот. Эгерде төлөм суммасы 1000 сомдон ашып кете турган болсо, анда коопсуздук максаттарды PIN-кодду киргизүүгө туура келет. Андан кийин, сатуучу карттын ээси үчүн төлөм дүмүрчөгүн (чекти) чыгарып берет.

Кыргызстанда контактсыз эмес терминалдар ири соода түйүндөрүндө, маркеттерде жана ик тейлөө жайларында орун алган. Эгерде, контактсыз төлөөнү кабыл алуу жабдуусу жок болгон учурда, «Элкарт-NFC» карты менен стандарттык негизде – кадимки POS-терминал аркылуу төлөөнү жүзөгө ашырууга болот.

Ошондой эле, аталган карттын жардамы менен башка өнөктөш төлөм тутумдарынын – Армения Республикасынын «АрКа», Беларусь Республикасынын «БЕЛКАРТ» (жакынкы аралыкта Өзбекстандын «UzCard», Тажикистандын «Корти Милли», Абхазия Республикасынын «АПРА») өнөктөштөрүнүн банкоматтарынан накталай акчаны алуу, сатып алууларды төлөө жана POS-терминалдарындагы кызматтарды көрсөтүүнү аткара алышат. Жакынкы мерчемдерде «Мир» тармагынын өнөктөш-банктарын жана башка өлкөлөрдүн тутумдарын тейлөө географиясын кеңейтүү маселеси турат.

«Элкарт-NFC» карттарын чыгаруу жана тейлөө жана банктын башка кызматтары туурауу маалыматтарды "Керемет Банк" ААКсынын 0 (312)55-44-44 телефону аркылуу күнү-түнү иштеген контакт-борборуна чалып же (0 557) 55 44 44 – WhatsApp номеринен же банктын расмий сайтынан тактай аласыздар.

“Керемет Банк” тарабынан чыгарылган «Элкарт-NFC» контактсыз карттардын талашсыз артыкчылыктарына баа бериңиздер

close