Жаңылыктар

«Социалдык ипотека» - 2020: Кыргызстандагы бюджеттик кызматкерлерди турак-жай каржылоосу боюнча укмуштуу программанын жыйынтыгы

13 үчтүн айы 2021

«Керемет Банк» Кыргызстандагы кызматкерлерине турак-жай ссудаларын жеңилдетилген шартта берүү боюнча эң маанилүү жана масштабдуу социалдык маанидеги долбоорлордун бири - "Социалдык Ипотека" ийгиликтүү ишке ашырылды. Акыркы эки жылдын ичинде "Социалдык ипотека" рыноктогу укмуштуу банк өндүрүмдөрүнүн бири жана өлкөнүн баардык бурчтарында бюджеттик тармак сектордун кызматкерлеринин арасында эң популярдуу болду.

Турак-жай кыймылсыз мүлкүн сатып алууга каралган каражаттар баардык областтарга бөлүнүп, жылдык 7,5 пайыздан тартып 9,5 пайызга чейинки ченде, сом түрүндө 15 жылдык мөөнөткө берилген.

2020-жылы жеңилдетилген ипотекалык насыя алууга билдирмелердин олуттуу саны аскер кызматкерлеринен жана билим берүү тармагынын өкүлдөрүнөн келип түшкөн. Кыргызстандын медицина, спорт, маданият, сот тутуму, күч түзүмдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча органдардын, салык жана бажы, башка бюджеттик мекемелеринин өкүлдөрү өз турак жайлуу боло алышты.

Жыйынтыгында, 2020-жылы жеңилдик берилген шарттарда 500 үй бүлөө, 750 млн. сомго турак сатып ала алышты, мында алардын ичинен үчтөн экиси - өлкөбүздүн аймактарынан:

  • Бишкекте жашаган, социалдык тармактарга эмгектенгендерге 337 770 миң сомго 176 насыя, аймактагы бюджеттик кызматкерлерге 412 230 миң сомго 324 насыя берилген.

«Социалдык ипотека» программасынын 2019-жылдын май айынан тартып ишке кирген учурунан тартып 1200 үй бүлөө турак жай сатып алган, аларга берилген насыялардын суммасы 1,7 млрд. сомго жеткен.

Жаңы жылда «Керемет Банк», рынок үчүн жаңы жана мурдагыдан дагы кызыктуу болгон өндүрүмдөрдү иштеп чыгуу менен ипотекалык насыялоо тармагында ишти улантууну мерчемдеп жатат.

Биздин жаңылыктар жана өндүрүмдөрдөн артта калба! «Керемет Банктын» күнү-түнү иштеген контакт-борбору - (0 312) 55 44 44 номеринде, ал эми WhatsApp - (0 557) 55 44 44.

close