Жаңылыктар

«Керемет Банк» эмитенттердин арасында биринчилик рыноктордогу тооруктарды өткөрүү өлчөмү боюнча мыкты банк катары таанылды

14 үчтүн айы 2021

«Кыргыз фондулук биржасы», өлкөнүн финансы рыногунун эң активдүү катышуучуларын бөлүп чыгуу менен 2020-жылдын жыйынтыгын чыгарды.

ОАО «Керемет Банк» ААКсы эмитенттердин «2020-жылдын жыйынтыгы боюнча биринчилик рыноктогу тооруктар өлчөмү боюнча жогорку көрсөткүчтөргө жетишкендиги үчүн» номинациясында жеңүүчү аталды. 

Отчттук мезгил ичинде банк 4 200 млн. сом суммасына жөнөкөй акциялардын кошумча чыгаруу менен жетинчи жана сегизинчи эмиссияны өткөргөн, аны менен катар уставдык капиталдын көлөмү боюнча Кыргызстан рыногунда лидер банк позициясын  бектип алган (8 698 746 400 сом). Капитал каражаттарын «Керемет Банк» банктын бизнес-стратегиясын андан ары өнүктүрүүгө багыттамакчы.

«Керемет Банк» ААКсы баалагандыгы үчүн «Кыргыз Фондулук Биржасына» ыраазычылык билдирет жана сыйлык алган баардык номинанттарды куттукайт.

"Керемет Банк" ААКсында тейленүүгө алынууга тиешелүү суроолор боюнча банктын (0312)55 44 44 номериндеги күнү-түнү иштеген контакт-борборуна, (0 557) 55 44 44 номериндеги WhatsApp, же болбосо сайттагы кайтарым байланыш аркылуу кайрылсаңыздар болот.

close