Жаңылыктар

«Керемет Банк» ААКсына Банк Башкармасынын жаңы Төрагасы дайындалды

18 үчтүн айы 2021

"Керемет Банк" ААКсынын Башкармасынын курамында өзгөрүүлөр орун алды: Токтогул Рысбек Банк Башкармасынын Төрагасы кызматына дайындалды. Буга чейин Банк Башкармасынын Төрагасынын кызматын аркалап келген Жумабаев Эркинбек Алтымышевич, өз ыктыяры менен иштен кетүү тууралуу берген арызынын негизинде ыйгарым укуктарын токтотту.

Токтогул Рысбек, бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук, финансы отчеттуулугу жана талдоо, финансыны башкаруу, финансы контролу, тобокел-менеджмент, методология, ички контроль, казына операциялары, салык жана комплеанс-контроль тармактарында адистешүү менен тажрыйбасынын ири бөлүгүндө ар кыл түзүмдөрдө эмгектенип келген. Банк тутумунду 16 жылдан ашык жана тоо-кен тармагында 12 жылдан ашык эмгектенген. Ар башка жылдарда банк тутумунда жетекчилик кызматтарын аркалаган. 2018-жылдын октябрь айында "Керемет Банк" Башкармалыгынын Төрагасынын стратегиялык жана салыктык маселелер боюнчк улук кеңешчиси кызматына чакырылган.

Тармактык менеджерлер менен жумушчу жолугушуу учурунда Токтогул Рысбек, анын жетекчилиги алдында баардык долбоорлордун мураскорлугу сакталып, жакынкы аралыкта "Керемет Банктын"  тейлөөсүнүн сапатына, ыңгайлуулугуна жана ылдамдагына дагы бир ирет ынана алышкан кардарлардын комфорттуулугу үчүн заманбап санарип чечимдерди ишке киргизүү улана тургандыгына ишендирип кетти.

Банкта тейленүүгө алынуу маселелери боюнча (0312)55 44 44 номериндеги күнү-түнү иштеген контакт-борборуна, (0 557) 55 44 44 номериндеги WhatsApp, же болбосо сайттагы кайтарым байланыш аркылуу кайрылсаңыздар болот.

close