Жаңылыктар

Баардыгы кардарлардын ыңгайлуулугу үчүн: эсепти толуктоо жана насыяларды төгүү өнөктөшүбүздүн Pay24 терминалдары аркылуу

22 үчтүн айы 2021

«Керемет Банктын» Pay24 тутуму менен кызматташтыгынын артынан кардарларда банктын терминалдарынан жана онлайн-төлөмдөрүнөн тышкары, эсепти күнү-түнү толуктоо жана насыяларды төгүү үчүн дагы бир шайман пайда болду – ал, Кыргызстандын баардык ири соода борборлорунда, супермаркеттеринде жана эл көп топтолгон жайларда орнотулган Pay24 төлөм тутумунун 3 000ден ашык төлөм терминалы.

«Керемет Банктын» кардарлары үчүн терминалдарда талаптуу эки опция жеткиликтүү: эсепти толуктоо жана насыяларды төгүү. 

Төлөмдү жүзөгө ашыруу абдан жеңил, ал үчүн төмөндөгүлөрдү аткаруу абзел:

  • Башкы менюдан «Банктык жана каржы кызматтары» баскычын табуу;
  • «Эсепти толуктоо» же «Насыяны төгүү» операциясын тандоо;
  • Андан ары - «Керемет Банк»;
  • Карттын номерин, төлөм кодун же эсептешүү эсебин киргизүү;
  • Комиссиясына көңүл буруу менен купюра алгычка нактай акчаны салыңыз жана төлөмдү тастыктаңыз.

Карттык эсептерди толуктоо онлайн-ыргагында жүрөт, ал эми эсептешүү эсебине каражаттарды чегерүү жумуш күндөрү, дем алыш жана майрам күндөрү салынгандар – кийинки жумуш күнүндө аткарылат

Төлөмдүн минималдуу суммасы – 100 сом
Бир транзакциянын чеги - 30 000 сом
Комиссия – төлөм суммасынан 3%

Аталган кызмат жана банктын башка сервистери тууралуу кенинерээк маалыматты (0312)55 44 44 номериндеги күнү-түнү иштеген контакт-борборунан, (0 557) 55 44 44 номериндеги WhatsApp, же болбосо сайттагы кайтарым байланыш аркылуу кайрылсаңыздар болот.

close