Жаңылыктар

«Керемет Банк» Кыргызстандын баардык банктарынын карт кармап туруучуларды сак болууга чакырат

4 бирдин айы 2021

Орус Федерациясында, Казахстан Республикасында жана Кыргыз Республикасында, эл аралык банктык карттар сыяктуу эле, «Элкарт» улуттук тутумунун карттарынан алдамчылык жол менен акча каражаттарын чыгарып кетүүгө аракет кылган  көз боемочулар жандуу иш алып бара баштагандыгы тууралуу эскертебиз.  

Көз боемочулар интернет аркылуу онлайн-сатууларда колдонуу менен товарларын  сатышкан жана курьердик кызматтардан пайдаланышкан жарандардын акча каражаттарын уурдап алуунун туруктуу ыргагын түзүп чыгышкан. Алдоо максаттарында көз боемочу сатып алуучулар сатуучуларга сатуулары үчүн дароо акча каражатын которуп берүүнү сунушташып, карттык эсеби боюнча маалыматты толтуруусу үчүн ошол аймакта популярдуу болгон жеткирип берүү кызматтарынын сайттарын сунушташат. Ал учурда курьердик кызматтын дизайны, интерфейси жана домендик ысымын камтыган, дал өзүндөй болгон жалган дублер-сайты ачылат, эгерде жакшылап көңүл бурбаса анын жалган сайт экенин байкап калуу мүмкүн эмес. Жыйынтыгында көз боемочулар жалган жол менен сатуучунун картына жеткиликтүүлүктү алышат, анын артынан карттагы акча каражаттары чыгарылып кетет.

Банктар, жарнама сайттары, интернет тоорук аянтчалары жана курьердик кызматтар укук коргоо органдары менен өз ара катышта көз боемочулуктун ушундай түрлөрүн алдын алуу боюнча биргелешип иш алып барышууда. Аны менен катар картты кармап туруучулар дагы сак болууга тийиш: электрондук почта, мессенджер билдирмеси, социялык желелер чаттары аркылуу белгисиз адамдардан келген шилтемелерге кирбөө, ошондой эле өзүнүн персоналдык карттык маалыматтарын (карттын номерин, аракеттенүү мөөнөтүн CVV2) эч бир адамга бербөө керектигин эскертет.

Эгерде сиз төлөп берүү тууралуу шектүү билдирме алган болсоңуздар, ал билдирмени алар аркылуу төлөм аткаруу сунушталып жаткан круьредик кызматтын расмий өкүлдөрүнөн же болбосо Сиздин картты чыгарып берген Банктан текшерип алууну сунуштайбыз.

 «Керемет Банктын» контакт борбору күнү-түнү (0 312) 55 44 44 телефону аркылуу иштеп турат, ошондой эле (0 557) 55 44 44 номериндеги WhatsApp же сайттагы кайтарым байланыш аркылуу кайрылууга болот.

close