Жаңылыктар

«Керемет Банк» 2021-2022-жылдарга баалоочу компанияларды аккредитациялоону улантууда

11 бирдин айы 2021

Кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү баалоо боюнча сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрдү алуу максатында «Керемет Банк» 2021-2022-жылдарга баалоочу компанияларды жана көзкарандысыз баалоочуларды аккредитациялоого билдирмелерди кабыл алууну улантууда.

Эгерде сиз баалоо тармагында эмгектенген болсоңуз жана жогорку квалификацияга, олуттуу эмгек тажрыйбасына, рыноктогу алгылыктуу беделге ээлик кылсаңыз жана жаңы өнөктөштөрдү издеп жаткан болсоңуз – "Керемет Банк" сайтында орун алган аккредитацияга байланыштуу талаптар жана тизме менен таанышып чыгыңыз.

Документтер, ал күндү кошо алганда, 2021-жылдын  26-февралына чейин кабыл алынат.

Кошумча суроолор келип чыкса, (0 312) 55 44 44 телефону аркылуу күнү-түнү иштеген контакт-борборго, ошондой эле (0 557) 55 44 44 номериндеги WhatsApp же сайттагы кайтарым байланыш аркылуу кайрылууга болот.

close