Жаңылыктар

“Керемет Банк” ААКсы ПАО «Сбербанкта» (Орусия) орус рублинде корреспонденттик эсеп ачты

18 бирдин айы 2021

«Керемет Банк» эң алдынкы эл аралык каржы институттарынын, Орусиядагы, Борбордук жана Чыгыш Европадагы ири банктардын бири – ПАО “СберБанктан” орус рублиндеги корреспонденттик эсепти ачты.

ПАО “СберБанк” сыяктуу ири жана ишенимдүү өнөктөш менен мамилелерди калыптандыруу ар кыл өлкөлөр ортосундагы экспорттук-импорттук операциялар боюнча эл аралык өз ара эсептешүүлөрдүн кеңейүүсүнө таасирин тийгизмекчи.

180 жыл мурда түзүлгөн СберБанк бүгүнкү күнү Орусиядагы  эң мыкты банктардын, ошондой эле эң ири жана туруктуу каржы мекмелеринин ТОП катарына кирет. Таламдуу балгон банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн бүтүндөй спектри сунуш кылынат, СберБанк – банк тутумундагы инновациялык чечимдерди, программаларды жана прогрессивдүү технологияларды ишке киргизүү жагында дагы лидердик орунду ээлеп келет. Банктын акцияларынын 52,3 пайызы Орусия Федерациясынын Финансы министрлиги аркылуу мамлекет тарабынан контролдукка алынып турат, ал эми калганы ачык жүгүртүүдө турат.

“Керемет Банктын” өнөктөш банктары тууралуу маалыматты шилтемеге өтүп, же болбосо (0312) 55 44 44 телефону аркылуу күнү-түнү иштеген контакт-боборго чалып, (0557) 55 44 44 (W/A) жазуу аркылуу тактап алууга болот.

close