Жаңылыктар

QUIZ NIGHT - 2021: «Керемет Банк» менен «Сенти» ФКсы Россия-Кыргыз өнүктүрүү Фондуна ийгиликти кантип алып келишти

26 бирдин айы 2021

Банктын активдүү колдоосу менен “Сенти” финансы компаниясы тарабынан уюштурулган QUIZ NIGHT «Фондулук рыноктун чырлары» деген аталыштагы жыл сайын өткөрүлүүчү интеллектуалдык оюн «Керемет Банкта» төртүнчү ирет ишке ашырылды.

"Керемет Банк" ААКсы Банк Башкармалыгынын Төрагасы  Токтогул Рысбек  QUIZ NIGHT-2021 катышуучуларына саламын жолдоп, баардыгына ийгилик, маңыздуу, кызыктуу оюн жана адилет атаандаштыкты каалап, иш-чара өлкөбүздөгү финансы сабаттуулугу жагынан эң мыкты жана алдынкы, өз билими менен тажрыйбасын чемпион титулун алууга пайдаланууга даяр болгон адамдарды чогулткандыгын белгиледи.


Интеллектуалдык таймашка катышууну каалагандардын саны жыл санап өсүп келет, 2020-жылы башкы байге алуу таймашына рекорддук сандагы катышуучулар - 17 команданын курамына кирген 100дөн ашык эрудит ат салышыкан болсо, өтүп жаткан жылы эпидемиологиялык абалдан улам, каалоочулардын агымынын олуттуу болгонуна карабастан, катышуучулардын санын 10 командага чейин чектөөгө туура келди. «Керемет Банктын» курама командасы Quiz Night-2020 таймашынын чемпиону катары оюнду өткөрүп жиберүүгө аргасыз болду.

2021-жылы чемпиондук титул, эстелик кубогу жана оюндун банкы үчүн банкирлер, брокерлер, консультанттар, инвесторлор, трейдерлер, сактык жана микрокредиттик компаниялар өкүлдөрү, ошондой эле студенттер жана бизнесмен-эрудиттер таймашышты.

Каржы жана инвестициялар деген жалпы тема алдында бириктирилген жашоонун ар кыл чөйрөсүнөн алынган кызыктуу жана күтүүсүз болгон суроолор, упайлардын тең санын топтогон үч лидерди аныктаган. Жыйынтыгында, кошумча тур жана капитандар арасындагы сынак QUIZ NIGHT-2021 байге ээлерин тактап чыкты. Эң жакшысы, жеңишке жетишкен баардык командалар жаңылардан эле.

 QUIZ NIGHT-2021 жеңүүчүлөрү:

  • 1-орун – Россия-Кыргыз өнүктүрүү Фонду
  • 2-орун -  «Цейтнот» классташтардын командасы
  • 3-орун -   UBS Transit транспорттук-логистикалык компания

"Керемет Банк" жана "Сенти" ФКсы жеңүүчүлөрдү куттуктайт, катышуучуларга болсо жаңы жеңиштерди каалап, каржы рыногунун баардык  билермандарын 2022-жылы өтүүчү QUIZ NIGHT таймашына катышууга чакырып кетмекчи!

 

close