Жаңылыктар

«Керемет Банк» ААКсы Банктын филиалдык тармагы үчүн транспорттук каражатты сатып алуу тууралуу жарыя кылат

3 жалган куран 2021

«Керемет Банк» ААКсы 2010-2013-жылдар аралыгында чыгарылган, көлөмү 2000 см3 тен 2500 см3 чейин болгон Honda CR-V же Toyota RAV 4 автоунаа сатуучуларын кызматташууга чакырат

Катышуу үчүн анын аталышын, ээсинин маалыматын, автоунааны каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн, ээсинин паспортун, ээликтен ажыратуу укугу менен транспорттук каражатты башкарууга ишеним-катты, айыптардын жоктугу жана арестте турбагандыгы тууралуу сайттан көчүрмөнү, ошондой эле фото жана/же видеоматериалдарды кошо алганда, автоунаанын техникалык абалы боюнча тиешелүү документтерди камтыган коммерциялык сунушту кыргыз же орус тилдеринде жөнөтүү талап кылынат.

Унаанын акыркы баасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган бардык салыктарды жана жыйымдарды эске алуу менен эскертмесиз KGS/USD менен көрсөтүлүүсү зарыл жана кеминде 30 күн жарактуу болуусу абзел.

  • Тандоо комиссия тарабынан техникалык мүнөздөмөнүн бардык талаптарына жооп берген жана эң арзан бааны сунуш кылган катышуучунун пайдасына жүргүзүлөт.
  • Комиссиянын талабы боюнча унаа каражатын диагностикалоо үчүн "Керемет Банк" тарабынан тандалган тейлөө станциясына, банктын эсебинен жөнөтүлүшү мүмкүн.

Коммерциялык сунушту төмөнкү жактарга жөнөтүүгө болот:

  • электрондук почта аркылуу: bakytbek_b@keremetbank.kg, же байланыш телефону 0551 755122 (W/А)
  • жеке алып келип тапшыруу: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 40/4, № 209 бөлмө.

Нарктык сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү 2021-жылдын 9-марты, жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:00гө чейин.

Сатылып алынып жаткан унаалардын техникалык мүнөздөмөлөрү тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн шилтеме аркылуу өтүңүз.

Баардык суроолор боюнча "Керемет Банк" ААКсынын Административдик бөлүмүнө: (0312) 313173 (кошумча. 2288) же (0551) 755122 (W/А) телефондору аркылуу кайрылыңыздар.

close