Жаңылыктар

GMW-2021: «Керемет Банк» бардык каалоочуларды «КАРЖЫ ЖАНА КАРЖЫЛЫК САБАТТУУЛУК ЖӨНҮНДӨ» онлайн-викторинага чакырат

24 жалган куран 2021

Эл аралык Global Money Week билим берүүчү кыймылдын алкагында «Керемет Банк» 2021-жылдын 26-мартында «Каржы жана каржылык сабаттуулук жөнүндө» интеллектуалдык онлайн-викторина өткөрөт.   

Викторинага катышуу үчүн шилтемесине кирип, алдын ала катталуу менен Telegram-каналындагы «Керемет Банк» ААКдан викторина» тобуна кошулуу зарыл.

"Керемет Банк" ААКдан онлайн-викторинанын эрежелери:

  • Telegram-каналга катталышкан катышуучулар үчүн викторина 2021-жылдын 26-март күнү саат туура 17:00дө башталат. Оюнду баштоо үчүн «ТЕСТТЕН ӨТҮҮ» кнопкасын басуу менен өз катышууңузду тастыктооңуз абзел.
  • Суроолор ар бир 30 секунд сайын автоматтык түрдө алмашылат. «Оюнду токтотуу» же «тандалып алынган жооптуу алмаштыруу» функциялары каралган эмес.
  • Викторина 5 мүнөткө созулат.
  • Катышуучуларга жаш курактык чектөөлөр киргизилген эмес.
  • Жеңүүчүлөрдүн рейтинги автоматтык түрдө аныкталат: туура жана эң тез берилген жооптордун саны боюнча.

«Каржы жана каржылык сабаттуулук жөнүндө» онлайн-викторинасынын эң шамдагай жана эрудициясы жогору үч катышуучусу «Керемет Банктын» сыйлыктарына ээ болушат.

Бардык катышуучуларга ийгилик каалайбыз! Мыктылардын мыктысы жеңсин демекчибиз! 

"Керемет Банк" өткөрүп жаткан интерактив жөнүндө толук маалыматты (0312) 55 44 44 номуруна чалып же WhatsApp (0557) 55 44 44 номуруна жазуу менен Банктын күнү-түнү иштөөчү байланыш борборунан алууга болот.

close