Жаңылыктар

GMW-2021: "Керемет Банктагы" нумизматикалык көргөзмө окуучулардан тартып, музей жумушчуларына чейинки катмардын көңүлүн буруп келет

24 жалган куран 2021

Global Money Week Эл аралык билим берүү кампаниясынын алкагында «Керемет Банк», адаттагыдай эле Кыргызстандын окуучулары үчүн бир катар кызыктуу иш-чараларды мерчемдеп койгон. Кечээ күнү банкта, ар кыл мамлекеттерде жаныбарлар дүйнөсүн коргоого алуу темасына арналган “Нумизматика фауна дүйнөсүн коргоодо турат” деген аталыштагы нумизматикалык көргөзмөнүн расмий ачылышы  болуп өттү.

Бүгүнкү күндөгү заманбап монеталар - медальердик искусство гана эмес, ал коомчулуктун көңүлүн адам баласынын ар кыл көйгөйлөрүнө бурдурган маанилүү агартуучулук курамдуулук дагы болуп саналат. "Керемет Банк" ААКнын “Нумизматика фауна дүйнөсүн коргоодо турат” нумизматикалык көргөзмөсүндө, ушул темага арналган Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коллекциялык монеталары дагы камтылган.

Бүгүн нумизматикалык көргөзмөгө Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык университетинин алдындагы Экономика жана сервис Колледжинин студенттери мейманда болушту, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин жетекчилиги да кызыгуусун билдирди. “Акча дүйнөлүк аптасы” алкагында коммерциялык банкта уюштурулган бөтөнчө көргөзмө музейден келген меймандарга абдан жакты, ал эми коштошуп жатышып, жылуу кабыл алганыбыз үчүн ыраазычылыгын билдирип, аталган жагымдуу саамалыкты келечекте музейдик деңгээлге чейин алып чыгуу үчүн аны өркүндөтүү жагындагы демилге жана тажрыйбалары менен бөлүшүп кетишти.

Банкта алдыда дагы көптөгөн кызыктуу саамалыктар турат – ал эми ага жаштардын кызыгуусу артып жатканына караганда, быйылкы жылдагы “Акча дүйнөлүк аптасы” саамалык жети күндөн дагы уланып кетиши ыктымал болууда. Эмне демекчибиз, чынында биздин ага эч кандай каршылыгыбыз жок!

close