Жаңылыктар

GMW-2021: "Керемет Банк» жана «Сенти» ФК кызматкерлери студенттер үчүн «Жеке финансы негиздери» жөнүндө биргелешкен онлайн-лекция өткөрүштү

25 жалган куран 2021

Дүйнө жүзүнүн 175 өлкөсүнүн финансы мекемелери Global Money Week ("Бүткүл дүйнөлүк акча жумалагы") алкагында калктын жыйымдар маданиятын жана каржылык сабаттуулугун жогорулатууга арналган ар кыл иш-чараларды өткөрүшүүдө жана ал 2021-жылдын 22-мартынан тартып 28-мартына чейин созулмакчы. 

Global Money Week дүйнөлүк билим берүү кыймылынын алкагында «Керемет Банк» жана «Сенти» финансы компаниясы М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин 1, 2 жана 3-курстары үчүн «Жеке финансы негиздери» аталышындагы биргелешкен лекция уюштурушкан. Онлайн-форматка ылайык бул иш-чараларга Кыргызстандын бардык облустарынын окуучулары катышууга мүмкүнчүлүк алышкан.

Техникалык колдоо жана диалог үчүн аянтча «Керемет Банк» тарабынан берилип, негизги лектордук милдетти «Сенти» компаниясынын кызматкери, аракеттеги биржалык брокер, каржылык шаймандар боюнча эксперт, инвестициялык портфельдерди түзүү жана башкарууга алуу боюнча консультант, ошондой эле финансы тармагында10 жылдан ашык иш стажы бар Медер Ташыбеков аркалаган.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер финансылык коопсуздук жана финансылык жөлөкчө деген эмне экендиги, заманбап санариптик чечимдердин жардамы менен кантип киреше жана чыгашаларды контролдоого, өз жыйымдарын кантип сактоого жана көбөйтүүгө болору тууралуу өз билимдерин жогорулатышып, татаал пайыздык принциптер, банкттык аманаттардын түрлөрү жана инвестирлөөнүн  салынган салымдарга карата тобокелдиктерин минималдаштыруучу түрлөрү менен таанышышты.

  • Экономика илимдеринин кандидаты, «Банк иши жана камсыздоо» кафедрасынын доценти Сансызбаева Гүлүм Абдрашовна: «Теория менен практиканын айкалышы мыкты адистерди даярдап чыгуунун негизи болуп саналат. Маселелер практикалык өңүттө каралгандыктан студенттер мындай форматтагы иш-чараларга ар дайым кызыгуу менен катышып келишет. Албетте студенттер  үчүн бул өтө пайдалуу болгондуктан мындай сабактар байма-бай жана офлайн форматында өтүп турса жакшы болмок» деген оюн айтып,  интерактивдүү, мазмундуу жана кызыктуу онлайн-лекциясы үчүн уюштуруучуларга өз ыраазычылыгын билдирди. 

Жыйынтыктоочу бөлүгүндө өткөрүлгөн интерактивдүү онлайн-оюн катышуучулардын арасында өтө зирек студенттер бар экендигин аныктаган, мисалы, М.Рыскулбеков атындагы КЭУнун биринчи курсунун студенти жана оюндун жыйынтыгы боюнча 1-орунду ээлеген Артур Айдарбеков банктын белегине ээ болду.

GMW-2021 жумалыгынын алкагында банк дагы башка иш-чараларды пландаштырган. Мисалы, эртең мектеп окуучулары үчүн экскурсия жана «Финансы жана финансылык сабаттуулук жөнүндө» интеллектуалдык онлайн-викторина өткөрүлөт. Викторинага каалоочулардын бардыгы катыша алат жана алардын ар бири эрудиттер арасында чемпион наамын утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

close