Жаңылыктар

GMW-2021: ОАО «Керемет Банк» Юрьевка айылынын мектеп окуучулары, РФ Элчилигинин кызматкерлеринин балдары жана «Фабрика-балдар» бизнес-мектебинин окуучулары үчүн экскурсия өткөрдү

26 жалган куран 2021

2021-жылдын 22-мартынан тартып 28-мартына чейин эл аралык Global Money Week билим берүүчү кампаниянын алкагында («Акча дүйнөлүк аптасы») дүйнө жүзүнүн көптөгөн өлкөлөрүндө жаштардын финансылык билимин жогорулатуу боюнча ар кыл иш-чаралар өткөрүлгөн. Кыргыз Республикасында Global Money Week  Улуттук банктын колдоосу алдында өткөн.

Өткөн аптада «Керемет Банкта» бир катар иш-чаралар өткөрүлүп, Бишке шаарынан жана региондордон келген мектеп окуучулары үчүн экскурсиялар уюштурулган: ага Руслан Шаботоев атындагы Юрьевка орто мектебинен келген балдар, РФ Элчилигинин кызматкерлеринин балдары жана «Фабрика-балдар-Бишкек» бизнес мектебинин окуучулары катышкан.

Банк менен таанышуу кардарларды тейлөө кеңсесинде - «Керемет Банк - Бишкек» филиалынан башталган. Анын жүрүшүндө мектеп окуучулары заманбап банктык өндүрүмдөр жана кызмат көрсөтүүлөрү тууралуу көптөгөн жаңы нерселерди билишип, заманбап банктык технологиялар,  төлөм карттарынын түрлөрү менен таанышып, банкоматтар кантип иштээрин жана аларды кандайча пайдаланууга болоруна күбө болушкан.

Ошондой эле кичинекей меймандар инкассатордук кызматтын иши менен таанышып, акча каражаттарын кантип ташылаары, ташылып жаткан баалуулуктар менен документтерди коргоонун заманбап ыкмалары жөнүндө көптөгөн суроолорго жооп алышкан. Ал гана эмес, чоң адамдардын коштоосу алдында балдардын инкассаторлордун шлем, бронжилеттерин кийип, курал-жарактарын кармалап көрүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Экскурсиянын жүрүшүндө мектеп окуучулары Global Money Week – 2021 иш-чарасына арналган «Нумизматика дүйнө фаунасы коргоого жаатында» деген аталыштагы нумизматикалык көргөзмөдө да болушкан. Иш-чарага атайын чакыруу менен келген өлкөбүздүн белгилүү нумизматы, археологу жана тарыхчысы Александр Камышев жаш меймандарга дүйнөнүн 15тен ашуун өлкөсүнө тиешелүү уникалдуу коллекциялык тыйындар жөнүндө айтып берди.

Окуу жайлары менен баарлашуунун мындай интерактивдүү формасы «Керемет Банктын» салттуу иш-чараларына айланган жана  «Акча дүйнөлүк аптасы»  кампаниясынын алкагынан сырткары учурларда дагы өткөрүлүп турат.

Натыйжалуу кызматаштык үчүн ыраазычылык билдирүү менен банктын кичинекей меймандары үйлөрүнө жаңы билим, жакшы таасирлер менен кайтып кетишти.


close