Жаңылыктар

Global Money Week - 2021: «Керемет Банк» ААКы жыйынтыктарды чыгарат

29 жалган куран 2021

2021-жылдын 22-мартынан тартып 28-мартына чейин Global Money Week («Акча дүйнөлүк аптасы») Эл аралык билим берүү кампаниясынын алкагында «Керемет Банкта» жаштардын каржы сабаттуулугун жогорулатуу боюнча ар кыл активдүүлүктөр өткөрүлдү. Банк ар жылы ар жаштагы топтор үчүн түрдүү иш-чараларды уюштуруу аркылуу өлкө жана банк тутуму үчүн маанилүү болгон билим берүү долбоорлорун ар дайым колдоого алып келет.

«Керемет Банк» Global Money Week – 2021 алкагында иш-чаралардын бир катар түрмөктөрүн: студенттер үчүн онлайн-семинарды, интеллектуалдык онлайн-викторинаны, нумизматикалык көргөзмөнү, мектеп окуучулары үчүн экскурсияларды өткөрдү  жана башкы каарманыбыз Айбек менен социалдык тармактарда агартуучулук пост-комикстерди ишке киргизген, анда каарманыбыз акча каражатын эске алуу жана сактоонун лайфхактары жана ыкмалары тууралуу өз окурмандары менен жеткиликтүү бөлүшө алды.

"Керемет Банктын" өткөрүп жаткан баардык иш-чаралары жана сынактарына катышып, өз кызыгууларын арттырган баардык катышуучуларга терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

“КАРЖЫ ЖАНА КАРЖЫ САБАТТУУЛУГУ” ТУУРАЛУУ Telegram-каналында өткөн ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ОНЛАЙН-ВИКТОРИНАНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР (2021-жылдын 26-марты):

  • 1-орун - @dbaktybekovna (1 мүнөт 33 секунд ичинде 14 жооп)
  • 2-орун - @AJ (2 мүнөт 21 секунд ичинде 14 жооп)
  • 3-орун - @Тима (1 мүнөт 41 секунд ичинде 13 жооп)

М. Рскулбеков атындагы КЭУнун 1, 2 жана 3-курсунун студенттеринин ортосундагы “Жеке каржы негиздери” онлайн-дарс учурундагы ВИКТОРИНАНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ (2021-жылдын 25-марты):

  • 1-орун - Артур Айдарбеков (1-курс)
  • 2-орун - Рыскулбекова Лира (2-курс)
  • 3-орун - Керимов Тамерлан (1-курс)

Баардык жеңүүчүлөрдү куттуктап, ийгилик жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз!



close