Жаңылыктар

«Керемет банктын» мыкты кызматкерлери ыраазычылык каттар менен сыйланышты

30 жалган куран 2021

Көп жылдык ак ниет жана үзүрлүү эмгеги, жогорку кесипкөйлүгү, ишке болгон ак ниет мамилеси жана «Керемет Банктын», ошондой эле бүтүндөй банк тармагынын өнүгүүсүнө кошкон олутуу салымы үчүн эки мыкты кызматкер Директорлор кеңешинин ыраазычылык каттары менен сыйланышты:

  • МЫКТЫБЕКОВА АСЕЛ КЕРМАЛЫЕВНА – Ички аудит башкармалыгынын начальниги 

Асел Мыктыбекова 22 жылдан бери банк тармагында эмгектенип келет жана «Керемет Банктын» командасына келип кошулганына үч жылдын жүзү болду. Банкта иштеген жылдар аралыгында, мейли банк же тышкы аудиторлор менен өз ара иш алып барууда болобу ал өз ишин мыкты билген кесипкөй адис экендигин далилдей алды. Анын түздөн-түз жетекчилиги алдында корпоративдик башкаруу жааты менен бирге банктын ички контрол башкармалыгынын системинин өнүгүүсүнө олуттуу салым кошулган.

  • МАМБЕТКАДЫРОВ БОЛОТ НУРГАЗИЕВИЧ – корпоративдүү катчы  

Болот Мамбеткадыров финансы тармагында көп жылдык иш тажрыйбага ээ, 2017-жылы ал «Керемет Банктын» командасына келип кошулган. Өзүн жогорку квалификциялуу жана өз ишин мыкты билген кесипкөй адис катары көрсөтүп келет. Иштеген жылдар аралыгында корпоративдик ишти уюштуруу системасына, анын комплекстүү өнүгүүсүнө олуттуу салым кошуп, башкаруу органдары – акционерлер, Директорлор кеңеши жана Банктын башкармалыгы менен өз ара иш алып баруунун мыкты ыкмаларын иштеп чыккан.

Сыйлык ээлери көп жылдардан бери финансы системинде үзүрлүү эмгектенип келишет. «Керемет Банк» АКК жамааты аттары аталган кесиптештерине чын дилден ийгилик каалап, банктын, банк тармагынын жана жалпы эле Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүгө өз салымдарын кошо берүүсүнө тилектеш экендиктерин билдиришет.



close