Жаңылыктар

«MFR QUIZ» интеллектуалдык оюну: логика... жана достук жеңди!

29 жалган куран 2021

«Керемет Банкта» ар кыл тематикалык, интеллектуалдык жана стратегиялык иш-чараларды өткөрүү боюнча жакшы жөрөлгөлөр орун алган. Акыркы 5 жыл ичинде банктын кардарлары, мектеп окуучулары, студенттер, рынок боюнча өнөктөштөр жана кесиптештер үчүн ар кыл форматтагы көптөгөн иш-чаралар өткөрүлүп келди.

Жакында MicroFinanza Rating рейтингдик компаниясы тарабынан уюштурулган «MFR Quiz» интеллектуалдык оюну болуп өтүп, ага «Керемет Банк» ААКсы менен «Байлык Финанс» МКК  активдүү түрдө өнөктөштүк колдоо көрсөткөн. Аталган иш-чарага «Оксус», Enabling Qapital, «Айыл Банк», «Финка Банк жана ПМФК өңдүү финансылык уюмдардын өкүлдөрү дагы катышкан.

Ошентип, интеллектуалдык таймашка 6 команда катышып, оюндун жүрүшү чучу кулак (жеребёвка) кармоо менен башталган.

Эрудиция, тапкычтык, ребустарды чечүү жана логика боюнча аталган конкурста анчалык чоң эмес айырмачылык менен төмөнкү командалар алдыга чыккан:

  • 1 орун – «Аллигаторы» (65 балл)
  • 2 орун – «Айгүл» (60 балл)
  • 3 место – «Дзиро» (57 балл)

Бул иш-чара интеллектуалдык билимдин мыктылыгын көрсөтүү менен бирге ата мекендик финансылык рынокту жана Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү боюнча жалпы иш жасап жатышкан кесиптештер менен достошууга жакшы шарт түзгөн.

Сыйлык ээлерин чын жүрөктөн куттуктап, бардык катышуучуларга албан-албан ийгиликтерди каалайбыз!


close