Жаңылыктар

Өзүңүздөргө жана акчаңыздарга сак болуңуздар: көз боёмочулар миң түрдүү айла-амалдарга ээ.

31 жалган куран 2021

Башка бирөөнүн эсебинен жан бакканды жакшы көрүшкөн адамдар – бул жакшы психологдор, алар баюу үчүн ар кандай митаамдыкка барууга даяр болушат. Көз боёмочуларга – жеке адамдар менен бирге юридикалык жактар дагы жем болуп калуулары ыктымал. Акыркы мезгилдерде дүйнө жүзү боюнча жаңы технологияларды колдонуу менен жүзөгө ашырылган финансылык кылмыштардын саны кескин өсүп кеткен, ошол эле учурларда айрым бир көз боёмочулар өз ишинде  илгерки эле ыкмаларды колдонуп келе жатышкандыктары дагы белгилүү.

Мисалы, чет өлкөнүн билим берүү чөйрөсүндө ортомчулук кызмат көрсөтүп келе жаткан фирма бүтүрүүчүлөрдүн чет өлкөдө окуусу үчүн кабыл алып келген   «расмий» төлөмдөрдү тиешелүү жерлерге банк аркылуу жөнөткөндүгүн тастыктоо үчүн берген документтер  жасалма экендиги белгилүү болгон. 

Белгилей кетчү нерсе, бул иш-аракет кылмыш катары саналат жана мыйзам тарабынан жоопко тартылат. Эгерде алдамчылык болгондугу ачыкталып калгандыгын, бул үчүн кылмыш жообуна тартылуудан коркуп, алган акча каражаттарын кайра кайтарып беришсе жакшы, бирок көпчүлүк учурларда мындай алдамчылар “жок болуп кеткендигин” көрүүгө болот.

Эскертилген – демек куралчан!

Бардык кардарларга өз финансылык операцияларын үчүнчү жактарга же ортомчу банктарга ишенип тапшырууга болбой тургандыгын эскерте кеткибиз келет. Бүгүн ар бир кызмат көрсөтүүлөр үчүн өз алдынча эле акча которууга болот. Бул үчүн интернет-банкинг же мобилдүү тиркемени тандап алуу зарыл, башкача айтканда акча которуу үчүн сөзсүз банкка келүүнүн зарылчылыгы жок. Белгилей кетчү нерсе, банктын филиалдарынын бирине кайрылып, акчаны классикалык ыкмада которууга болот – филиал кызматкерлери сизге акчаны канткенде минималдуу өлчөмдөгү комиссия менен которууга болору тууралуу айтып беришет.

«Керемет Банк» АКК төмөнкүлөрдү эске ала жүрүүнү сунуштайт:

  • финансылык операцияларды ортомчуларга ишенип тапшырбаңыз, банктын которууларды жеке өзүңүз жүргүзүңүз;
  • өз картаңыздын жекече номурларын (номурун, жарактуу мөөнөтүн, CVV, PIN-код жана башка маалыматтарды) эч качан, эч кимге айтпаңыз;
  • телефон чалгандардын өтүнүчү боюнча банктык операцияларды карта боюнча жүргүзбөңүз.

Этият болуңуз: ниети бузук адамдар акчаңызга туйтунуу үчүн ар кандай айла-амалдарды ойлоп табуулары мүмкүн. Эгерде кимдир бирөөлөр сизди алдап жаткандыгынан шек санап калсаңыз, анда (0312) 55 44 44 номуру аркылуу күнү-түнү иштөөчү контакт-борборго телефон чалып же  (0 557) 55 44 44 WhatsApp номуруна жана call-center@kermetbank.kg. электрондук дарекке жазып, бардыгын алдын ала текшерип алыңыз.

 Өзүңүздөргө жана өз акчаңыздарга сак болуңуздар!

 

close