Жаңылыктар

«Керемет Банктын» VISA карталары менен AliExpress интернет-дүкөнүнүн товарларын арзандатылган баада сатып алыңыз

30 жалган куран 2021

Эл аралык VISA төлөм системасынын жана  AliExpress  интернет-дүкөнүнүн «VISA карталары менен жазгы шопинг» акциясы өтүп жаткандыгына байланыштуу VISA төлөм карталарынын ээлери сатып алууларды 5 долларга чейинки кошумча арзандатуулар менен жүргүзө алышат.

Акция үстүбүздөгү жылдын 3-апрелине чейин созулат жана Бишкек убактысы боюнча  саат 12:59:59га чейин Кыргызстандын аймагынан www.aliexpress.com сайтына жасалган буюртмаларды кучагына камтыйт.  Буюртма «Керемет Банктын» Visa картасы аркылуу төлөнгөн учурларда арзандартуу автоматтык түрдө колдонулат жана эсептелет – анын көлөмү буюртманын жалпы суммасына жараша болмокчу:

  • 3$ ашык буюртмалар үчүн арзандатуу - 0,3$;
  • 5$ ашык буюртмалар үчүн арзандатуу - 0,5$;
  • 10$ ашык буюртмалар үчүн арзандатуу - 1$;
  • 15$ ашык буюртмалар үчүн арзандатуу - 2$;
  • 20$ ашык буюртмалар үчүн арзандатуу - 3$; 
  • 25$ ашык буюртмалар үчүн арзандатуу -  4$;
  • 30$ ашык буюртмалар үчүн арзандатуу - 5$.  

Visa Business коммерциялык карталары менен төлөнгөн буюртмаларга арзандатуулар чегерилбейт жана таркатылбайт.

Акция боюнча кошумча суроолорду (0312) 55 44 44 телефон номуру же  (0557) 55 44 44 – WhatsApp номуру боюнча «Керемет Банктын» күнү-түнү иштөөчү контакт-борборунан тактап алууга болот.

close